www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу коомчулук!

Ондогон жарандардын, минимум дегенде, 2 млн АКШ доллары түрүндөгү ири суммадагы акчасын алдап алган Асыл Талипова деген аферист аялдын бир барак арызы менен милициянын полковниги Уланбек Аалиев бир нече берене менен айыпталып, анын иши бир жылга жакын убакыттан бери Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

Бул чуулгандуу иштин хронологиясы кандай? Полковник Уланбек Аалиевди каматып, аны түрмөгө чиритүүгө ким кызыкдар? Анда, эмесе, иш башынан болсун.

2021-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы ГСУнун (ГСУ – главное следственное управление) начальниги Азамат Жумабаев «Сага калканч болуп беребиз» деп, Асыл Талиповадан

- Бишкек шаарындагы Радишев көчөсүндөгү № 29 дарегинде жайгашып, баасы асманды чапчыган 2 кабаттуу 1 особняк үйдү (хан сарайды),

- Ысык-Көлдө жайгашкан «Сабрина» пансионатындагы баасы асманды чапчыган 1 коттеджди,

- 10000 (он миң) АКШ долларын алышкан.

Жогорудагы погончон оборотендердин кылмыштуу жосуну тууралуу маалыматты

- Асыл Талипова 2022-жылдын 27-май күнү «Регион» телеканалына берген маалыматында кенен айтып жатат. Мынакей шилтемеси: https://fb.watch/fBfOyTPZaK/

- Асыл Талиповага акчасын алдаткан жарандар айтып жатат: https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02sL6JjYTDC3EV8Xx6MeaNYVswjtKtfeSJu9rviebYWjbQX3F61xtY4kaw7c42enXAl&id=100010885562751

- пресс-конференцияларда айтылды: https://m.youtube.com/watch?v=N1qi7rDYbMU&feature=youtu.be

2021-жылдын август айында Башкы Прокуратура бул ишти Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБине өткөрүп берип, «Хиджабчан, демек, ыймандуу мусульманка жетектеген «Квартал Строй» деген курулуш компаниясынан батир алабыз» деген 30дай жарандын ири суммадагы акчасын алдап алууга шектелген Асыл Талипова 2021-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин тергөөчүсү Рамазан кызы Айсулуу тарабынан суракка чакырылган.

Иштин чоо-жайы териштирилип, 2 күндөн кийин, башкача айтканда, 2021-жылдын 30-сентябрында Асыл Талипова Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин начальниги, полковник Уланбек Аалиевге кирип, ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы жетекчилиги, атап айтканда,

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы ГСУнун (ГСУ – главное следственное управление) начальниги Азамат Жумабаев жана

- ГСУнун начальниги Азамат Жумабаевдин ишенимдүү жакын адамы Азамат Алмабеков менен байланышкан өтө чоң жемкорлук (коррупция) жөнүндө арыз жазып берген.

Ал арыз 2021-жылдын 30-сентябрында ЕРППга (орус тилинде: ЕРПП - Единый реестр преступлений и проступков) катталып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасына берилген.

ИИМ жетекчилигиндеги өтө чоң жемкорлук (коррупция) жөнүндөгү ошол арыз жазылгандан 2 сааттан кийин Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен Асыл Талипова 2 айга камакка алынган.

Андан тышкары, ИИМде жетектөөчү кызматта иштеген Эркебек Аширходжаев менен Азамат Жумабаев сыяктуу погончон оборотендер отуздан ашуун биздин жарандардын жана чет өлкөлүк инвесторлордун ири өлчөмдөгү акчасын алдап алып, аларды сызга отургузган хиджабчан аферист Асыл Талипованы мамлекеттик коргоого (госзащитага) алышып, карапайым эл төлөгөн салыктын эсебинен ИИМде иштеген балдарга кайтартып коюшкан.

Муну менен эле чектелип калбай, ошол эле күнү, башкача айтканда, 2021-жылдын 3-октябрында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев деген эргул

- офицерлер үчүн өзгөчө мааниге ээ «честь мундира» деген этикалык түшүнүк менен байланышкан уят-сыйытты жыйыштырып коюп, аферист Асыл Талиповага полковник Уланбек Аалиевге каршы токулган жалган арызды жаздырып,

- мыйзамды одоно бузуп, Бишкек шаардык соту карачу ишти Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотундагы сатылма судьяга каратып, далай жарандын убалына калган аферист Асыл Талипованы камактан чыгарып кеткен.

Андан сырткары, 2021-жылдын 30-сентябрында ЕРППга катталып, Октябрь райондук прокуратурасына берилген Асыл Талипованын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы ГСУнун (ГСУ – главное следственное управление) начальниги Азамат Жумабаевдин өтө чоң масштабдагы жемкорлугу (коррупциясы) жөнүндө арызын 2021-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаровдун тике көрсөтмөсү (прямое указаниеси) менен эч кимди сурабай туруп эле, НД кылып салышкан (орус тилинде: НД – номенклатурное дело, или процессуальное решение по данному заявлению не принималось (не выносилось) – номенклатуралык иш, же берилген арыз боюнча процессуалдык чечим чыгарылган эмес).

2022-жылдын 18-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда болуп өткөн соттук отурумда Азамат Алмабеков эч мүдүрүлбөстөн эле

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы ГСУнун начальниги Азамат Жумабаев менен коомчулукка күмөндүү репутацияга ээ адвокат катары белгилүү болгон Канат Хасановду тааный турганын айтты.

Соттук отурум учурунда полковник Уланбек Аалиевдин:

- Асыл Талипова Сизге жана ГСУнун начальниги Азамат Жумабаевге эмне себептен арыз жазды? - деген суроосуна

- Асыл Талипова мага жана ГСУнун начальниги Азамат Жумабаевге эмне себептен арыз жазганын билбейм, - деп, Азамат Алмабеков катуу мукактанды.

- Радишев көчөсүндөгү № 29 дарегинде жайгашып, баасы асманды чапчыган 2 кабаттуу 1 особняк үй (хан сарай) тууралуу айтып бериңизчи, - дегенде

- Ал үйдү мен сатып алгам, - деп актанды.

Кыскасы, Азамат Жумабаев менен Эркебек Аширходжаев сыяктуу жемкорлуктун сазына белчесинен баткан ИИМ жетекчилиги кыргыз тилинен жамандык көргөнсүп, арабча «Аллахым» эле «Аллахым» деп тилин туурасынан чайнаган Асыл Талипова өңдүү элдин канын соргон аферист-мошенниктер менен коюн-колтук алышып, аларды алдыга салып, алар алдап келген акчалар менен кара курсагын баккан мите методго өткөн.

Албетте, Теңир-Тоонун улуттук нукуралыгын таза сактаган тектүү элинин уулу - полковник Уланбек Аалиев сыяктуу карапайым жарандардын мыйзамдуу укугун коргогон принципиалдуу офицерлер арабча киңкилдеп, этникалык химерага айланган жемкор жетекчилердин арам ишине тоскоолдук жаратат. Демек, аларды жалган жалаа менен түрмөгө камап, иштен четтетүү аркылуу гана өздөрүнүн арам иштерин улантууга болот.

Кыскасы, полковник Уланбек Аалиевдин иши боюнча соттук териштирүү өз аягына чыгып келе жатат. Судья Чолпонай Үмөталиева менен прокурор Тамара Тилекеева ишти адилет жана акыйкат карайт деген ишенимибиз жана үмүтүбүз зор. Бирөөнү жалган жерден күйгүзүүдөн жыргап кеткендер тарыхта эч качан болгон эмес жана болбойт.

Гүлзат Аалиева, Манас таануучу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости