www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Акын Аалы Туткучовдун, эр жигиттин кадырын, эли билбейт жат билет» деп айткан. Бул тууралуу жарандык активист Эрлан Бекчороев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Төкмө акын Аалы Туткучов мындай деп жазган:

«Бирөөгө өтө оор операция жасоо керек болуп Сабырбек Жумабековго кайрылышат. Операция оор болгондуктан колдонуучу каражаттары 3000доллар турат, алып берсеңер бекер жасап берээрин айтат. Бейтаптын туугандары кыргыз медицинасынан шекшип, Алматыда 6000$ га эң мыкты жасайт экен, сапаты жакшы үчүн акчасы кымбатго дешип Алматыдан жасатат. Операция ийгиликтүү бүткөнүн угуп, ыраазы болгон туугандары беткапчан чыгып келаткан врачты коридордон тосуп, ырахмат айтышат. Врач кичи пейилдик менен ийилип бет кабын чечсе Сабыр Жумабеков экен.

Башка өлкөлөрдүн суранып чакыруусу менен барып операция жасап, лекция окуп тураарын билебиз. Көрсө, биз баркын билбей жаткан бул адам, атанын гана уулу эмес Азиянын, эненин гана уулу эмес Европанын уулу болуптур да.

«Басмайылдын кысканын,

Ээси билбейт ат билет.

Эр жигиттин кадырын,

Эли билбейт жат билет» - деген ушул го. Кошунанын коло шакегине кызыкпай, колубуздагы алтынды баалай билели», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости