www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте таксист жүргүнчүгө кол салды

Тоноого шектүү жаран кармалды, деп билдирди Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы. Кечээ, 3-февралда милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылган.

Анын айтымында, такси кызматын көрсөткөн «Субару» үлгүсүндөгү унаага отурган. Бирок айдоочу Маевка айылындагы киши жок жерге алып барып, кол салган.

Жабырлануучунун айтымында, таксист аны муунтуп, эч-учун жоготкондо 9600 сомун жана чөнтөк телефонун уурдап кеткен. Келтирилген материалдык зыян 24 миң сомдон ашты. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталды.

Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал 1997-жылы туулган А.А. экени белгилүү болду. Буга чейин соттолгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости