www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Т абылды мырза, айтсаныз, акыркы мезгилде кыргыз-тажик чеги тынч эмес. Айрымдары, буга биздин чиновниктердин катышы менен эки тараптуу түзгөн протоколдорду бетке кармап жатышат. Сиздин пикир кандай?

- Чек ара маселеси өтө кылдат чечилүүчүлөрдөн. Буга өтө астейдил масиле жасап, чек арадагы чатактардын келип чыгыш себептерин так билүү маанилүү. Менин оюмча, тажик тарап үчүн биздин жерлерге жол куруу, нейтралдык зооналарга үй куруу же дагы башка нерселерди жасоо аракеттери анчейин маанилүү эмес.

Тажик тарап бүгүн мамлекеттик деңгээлде акырындык менен Кыргызстанды мажбуурлап суу маселесин чечүүгө аракеттинип жатат. Жол ж. б. маселелер буга кошумча аракет гана деп айтсам болот. Себеби, бүгүн мурдагыдай СССР жок. Кыргызстан эгемендуу өлкө. СССР учурунда Таджикстан, Өзбекстан тарап бизге келип түнүчүнүдө сууну чоң акчага сатып алып кетчү. Муну аксакалдар ачык эле айтып жатышпайбы.

Бүгүн Кыргызстан эгемен өлкө. Мурдагыдай суу сатып алуу бир топ кыйынчылыкка туруп жатат. Бирок, өлкөлөр аралык чек аралар тактала элек, ошого булар абалдан пайдаланып, биздин суу ресурстарыбызды колго алууну көздөп жатышат.

В.И.Ленин: “Азияда мамлекет тез эле дүркүрөп өсүүгө жетишет. Бирок, ал суу ресурсунан ажыраса, анда тез эле кыйрап калат” деп айткан. Бүгүн Тажикстан менен Кыргызстан Борбор Азияда суу ресурсуна өтө бай өлкөлөр. Тажикстан бизден бир аз алдыда. Илгери енисейсей кыргыздары, башка түрк элдери Тянь-Шанды өздөрүнө каратканда да ушул азыркы Тажиктсан менен Кыргызстандын территориясына өзгөчө көзөмөл кылышкан.

Мисалы, Тоолуу Бадахшанга атайы аскерий бөлүктөр коюлган, уруулардын бир тобу ошол жакка көчүрүлгөн. И.Бекран орто кылымдарда Тоолуу Бадахшанда кыргыздардын бир бөлүгү жашап тургандыгы жазган. Башка булартарда карлуктар да жашагандыгы айтылат.

Кыргызстандын суу ресурсу көпчүлүк өлкөлөрдү кызыктырып келет. Дал ушул суу проблемасынын айынан Кытай өлкөсү бизден Үзөңгү-Куушта проблема жаратты да. Себеби, ал тарапта Үзөңгү-Кууш жана Сары-Камыш суулары Кытайды карай агат. Ошого алар Үзөңгү-Куушту ээлөөгө аракет кылды. Анткени, суу ресурсуна жакын болуш керек болчу. Эми Кытай да бизге бир топ тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.

Б.а. биз Үзөңгү-Кууш проблемасында биз Кытайга уттуруп жибергенбиз. Ошондтуктан, чек ара меселесине келгенде дайыма анын биздин өзүбүзгө канчалык кооптуу экендигин анализдеп, анан чечишибиз керек. Биз канчалаган протоколдорго кол койбойлук, анын баары бизге минус, тажиктерге чоң плюс алып келет. Себеби, ал тажиктер үчүн кошумча аргументке себеп болуп берет.

-- 39-протоколдо жол куруу маселелеси жазылыптыр. Анда бул да катабы?

-Мен жогоруда айткандай, азыр кандай гана протокол болбосун бизге минус алып келет. Анан калса, жол да стратегиялык обьектиге кирет да. Мисалы, биздикилердин айтуусунда тажиктер да жол куруп алыш керек. Ошондо, кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы чыр токтойт деп жатышат.  Бирок, чырдын токтошуна ким кепилдик берет.

Тажиктер акырындык менен жылып, биздин суу каналдарыбызга, Головнойду карай жакындап келатса. Алардын максаты Головнойду ээлеп алуу болуп жатат да. Ошого бул маселени да өтө астейдил карап чыгып, анан чечиш ылазым. Ашыкпаш керек. К.Ташиевдин жолду чек ара демаркация, делимитация маселеси чечилгенден кийин карайбыз деген позиция туура. Жол курсун. Анан эмне болот. Жол менен согуштук техника, танктар да өтүшү мүмкүн да. Мына ушуну да унутпашыбыз керек. Жол стратегиялык меселелерге киргендиктен Азербайжан Карабахты экиге бөлүп, Лачын капчыгайына чейинки аралыкты ээлеп алды.

-- Тажик тарап дагы кандай себептен чатакка кызыктар болуп жатышы мүмкүн?

--Илгерки эгемендиктин эпкини менен келген президенттерден Э.Рахмонов менен Лукашенко эле калды. Булар бүгүн чоочуркап турушат. Өлкөдөгү абалга баам салып, кулап калбайлы дешип. Э.Рахмонов ошого тажиктерди алаксытуу үчүн кыргыздарды душман катары көрсөткүсү келип жатат. Ошентип, ал өз бийлигин уулуна өткөрүп берүүнү көздөп жатат. Мындан башка тажик жана кыргыз тараптарда наркоборондор да кызыкдар болуп жатышы мүмкүн.

Дагы бир себеп, геосаясат. Бул проблема лөк өлкөлөрдүн да көзөмөлүндө болуп жаткандай сезилет. Мындайча айтканда, Э.Рахманов суу проблемасын өзүнүн жеке кызыкчылыгында да колдонуп жатат десек туура болот. Ошого бул проблеманы мамлекет көзөмөлгө алып, жадакалса тажтиктерди акырындык менен нейтралдык территорияларга отурукташуусун да шарттап жатышат. Мунун өзү Тажиктсандын негизги мактасы Головнойго ээ болуу болуп жатканын далилдөөдө.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости