www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Балыкчы нотариалдык округунун жеке нотариусу 1983-жылы туулган К.Ж.З. кармалды.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чаралардын, ошондой эле документтик базаны талдоолордун натыйжасында, жеке нотариус К.Ж.З. атайылап, өз пайдасын көздөп, мыйзамсыз баюу жана мүлктүк пайда алуу максатында кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимин мыйзамсыз түрдө жол-жоболоштурган. Мында көрсөтүлгөн документтерде тараптардын кол тамгалары жасалмаланганы аныкталды.

Тактап айтканда, бүтүм мүлктүн мыйзамдуу ээсинин кабары жок жана анын катышуусусуз түзүлгөн. Жеке нотариустун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жабырлануучу мүлккө болгон менчик укугунан мыйзамсыз түрдө ажыратылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөнүн мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин, эгерде мындай учурлардын бири аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет жана мындай окуялардан жабыркаган жарандарды төмөнкү телефон номерлерине чалууга чакырат: +996 (3922) 51180, +996 555 540052.

Последние новости