www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балбандар Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы бүгүн, 9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын үчүн күрөшөт.
Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта кытайлык Зелу Лини 1:1 эсеби менен утуп, финалга бет алды. Чечүүчү беттеште ал япониялык Мива Морикава менен кездешет.
Ал эми Медет кызы Хуи Чжангды 11:0 менен жеңип, финалга жолдомо алды. Финалда моңгол кызы Даваансана Энх-Амар менен күрөшөт.
Белгилей кетсек, кечээ чемпионаттын үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өттү.
Анда 50, 55, 59, 68 жана 76 кг чейинки салмактарда медалдар ойнотулду.