www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медведев: Мындан ары арзан мунай болбойт

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев мындан ары арзан мунай эми болбой турганын билдирди. 

- АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгына Ирандын көзөмөл кылышын каалабайт жана буга макул эмес. Бул — Ак үйдүн кожоюну үчүн намысын алдырып, Тегеран жеңди деген нерсе. Бирок муну менен катар эле согушууну да каалабай турат, - деп жазган ал.
Медведев Кошмо Штаттар бардыгы жакшы деген түр көрсөтүп, бирок чын-чынына келгенде кырдаал башка экенине токтолгон. Анын айтымында, АКШда өтө аялуу, ансыз да араң турган тынчтыкты сактап, бардыгы жайында деген түр көрсөтө турган мүмкүнчүлүгү калды. Эгерде шахматтагы жүрүш менен салыштырсак, тактадагы ар бир кадам цугцвангга, тагыраагы, эч кандай ылаажы калбай калганга жакын абалды түзөт.

Медведев азыркы абал анткен менен шахматтагыдай эместигин, бул жерде эки эмес, үч оюнчу болуп жаткандыгын белгилеген. Израилдин Вашингтондун тарабында эмес экенин эске салган. Саясатчынын айтымында, Тель-Авивге элдешүүнүн кереги жок, себеби маселесин чечкен жок. Мындан улам ал өзүнүн жүрүшүн жасап, тактадан шахматтын бардык фигураларын шыпырып салышы мүмкүн. Албетте, бул кырдаалды жакшыртып жибербейт.

- Андыктан европалык русофобдор болуп көрбөгөндөй үнөмдөгөн тартип менен дагы бир топко жашоого мажбур болот. Себеби арзан мунай болбойт эмеспи... – деп Медведев постун жыйынтыктаган.

Последние новости