www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Санкт-Петербург шаарынын өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелердин тарыхый маанисин белгилеп, алардын туруктуу өнүгүп жатканын жана кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин айтышты.
Эки шаар ортосунда “Жол картасын” жаңыртуу жана ишке ашыруу маселелери да каралды.
Санкт-Петербург шаарынын өкмөтүнүн тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Евгений Кассюра “Наристе” эл аралык балдар фольклордук фестивалына катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын жана маданий байланыштарды бекемдөөдөгү маанисин белгиледи.
Жолугушууда тараптар шаардык башкаруу, көрктөндүрүү жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында тажрыйба алмашуу, ошондой эле имараттардын фасаддарын жаңылоо маселелери боюнча кызматташтыкты күчөтүү каралары айтылды.
Мындан тышкары, туризм тармагындагы кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Белгиленгендей, Бишкек менен Санкт-Петербург шаарларынын ортосунда өнөктөштүк мамилелер 2015-жылдын 24-ноябрында түзүлгөн. 2022-жылдын 4-ноябрында Бишкекте Бишкек шаарынын мэриясы менен Санкт-Петербург өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы ("Жол картасы") кол коюлган.