www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүүгө багытталган «Нелегал» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө 156 чет өлкөлүк жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилди.
Маалыматка ылайык, рейд 5-августтан 19-августка чейин УКМК менен Бишкек шаардык милициясынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан өткөрүлгөн. Текшерүү учурунда чет өлкөлүк жарандар жашаган турак жайлар, коммерциялык объектилер жана башка жайлар каралган.
Жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренесине ылайык 97 административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 млн 148,5 миң сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, 20-августта «Нелегал Мото-курьер» аттуу атайын рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 48 чет өлкөлүк жаран милицияга жеткирилип, миграциялык мыйзамдарды жана мотоциклдерди пайдалануу эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Бул иш боюнча жалпы суммасы 322 миң сом болгон 33 административдик айып пул салынган. Ошондой эле 10 мототранспорт каражаты жана 2 электр велосипеди милицияга киргизилген.
Учурда Бишкекте миграциялык мыйзамдарды бузуу жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз тартуу фактыларын аныктоо боюнча рейддик иштер уланууда.
