www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу жана Араван РИИБнын тергөөчүлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.Г.О. тарабынан 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Такталгандай, кармалган О.Г.О. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык пайда алуу максатында, 2024-жылы декабрда алдамчылык үчүн катталган факты боюнча тергөөгө чейинки өндүрүштө текшерүү иштерин токтотом деп аталган тергөөчү К.у.О. аттуу жарандан 3 000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган.

Белгилей кетсек, О.Г.О. жана К.у.О. экөөнүн ортосунда Ош облусунун Араван райондук ИИБнын тергөөчүсү милициянын капитаны С.Н.С. ортомчулук кылган.   

ИИМнин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 1 600 АКШ доллар акча каражатын алып жаткан жеринен О.Г.О. и С.Н.С. кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине жана 97-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.   


       

Последние новости