www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкада кыргызстандык жаран соттолду

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы федералдык сот Кыргызстандын жараны Сергей Жарновниковду АКШдан Россияга курал-жарак мыйзамсыз экспорттоого катышканы үчүн 3 жыл 3 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги билдирди.

Соттун маалыматына караганда, ал 2020-жылдан бери АКШда өндүрүлгөн ок атуучу куралдар менен ок-дарыларды Кыргызстан аркылуу Россияга мыйзамсыз жөнөткөн. Жалпы суммасы 1,5 млн доллардан ашкан. Экспорт лицензиясында Россияга кайра сатууга тыюу салынганына карабай, айрым куралдар Россияга чыгарылганы айтылат.

Жарновников АКШнын туруктуу жашоочусу эмес жана жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин депортацияланышы мүмкүн. Иликтөөнү ФБР жана АКШнын Соода министрлигинин экспорттук көзөмөл башкармалыгы жүргүзгөн.

Последние новости