www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жети-Өгүз районунда ири алдамчылыктын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясыдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Дархан айылынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын 37 баш коюн алып, жасалма "кызыл китеп" калтыруу менен 245 миң сомун бербей качып кеткенин билдирген.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында үч шектүү - 1989-жылы туулган Н.Г., 1986-жылы туулган К.А. жана 1995-жылы туулган М.С. кармалды.
Шектүүлөр ушундай эле жол менен дагы 9 жаранды алдаганы аныкталып, жалпы 10 кылмыш иши козголгон.
Жалпы чыгым 3 млн 342 миң сомду түзүп, анын 1 млн 598 миң сому жабырлануучуларга өндүрүлүп берилди.
Алдын ала суракта шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, Жети-Өгүз райондук соту тарабынан аларга карата бир ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.