www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУ журналисттердин өлтүрүлүшүнө каршы, буга окшогон окуялар толугу менен иликтениши керек. Мындай билдирүү менен уюмдун баш катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хан "Известия" басылмасынын кабарчысы Семен Ереминдин өлүмүнө комментарий берип жатып таратканын РИА Новости жазды.

"Кайсы журналист болбосун, өлтүрүлүшүнө каршыбыз, мындай окуялар дыкат иликтениши зарыл", — деген ал.

 

Ереминдин Запорожье облусунда украиналык FPV-дрондун чабуулунан каза тапканы жума күнү кечинде белгилүү болгон. Кабарчы атайын операция башталгандан тарта, башкача айтканда, 2022-жылдан бери ошол аймакта иштеп Мариуполдон, "Азовсталь" заводунан, Марьинкадан репортаждарды даярдап турган. Акыркы материалы үч күн мурун чыкканы айтылды.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости