www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК баңгизатты коңшу мамлекеттерге жеткирүүгө жардам берген кишини кармаганын билдирди.

Спецназдар М.Ж.Н аттуу жарандын жашаган жерин тинтип, кызматтык иттин жардамы менен бөлмөсүнөн жана короосунун баңгизат таап чыкты. Анда жалпы салмагы 366,48 грамм болгон афган тектүү чарс баңгизаты алынган.

Шектүү сурак учурунда "өзүм чегем" деп жооп берген. Бирок анын үйү башка мамлекетке ташылган баңгизат үчүн база катары кызмат кылып, жума сайын болжол менен 2 килограмм гашиш өтүп турганы аныкталганы айтылат.

Чекисттер эл аралык баңги каналына бөгөт коюп, шектүүнү камакка алышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости