www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тегерандын эң чоң аянтында орто жаштагы аял ырайымсыз сотторго “Аллах үчүн ырайым кылыңыздар”,-деп жалынып жалбарып жатты. Шахла Жахедди сегиз жылдык түрмө бажырайган гүлдөн бүкүрөйгөн кемпирге айлантты.  2010-жылы 1-декабрда Лалех Сахаргизан аттуу аялды өлтүргөн деген айып тагылып, өлүм жазасына кесилген.

Шариаттын мыйзамы боюнча өлтүрүлгөн адамдын үй-бүлө мүчөлөрү кылмышкерди кечирсе ал жазаланбайт. Бирок Лалехтин агасы эч ойлонбой туруп, адамды дарга асканда колдонулуучу көк арканды Шахланын мойнуна илип, өкүм аткарылды.

Курмандык узак убакытка кыйналып өлүшү үчүн баш кесерлер автомобилдик көтөрүүчү телескоптук кранын колдонушкан. Бул кранда асылган кишиге өлүм дароо келбейт. Мисалы, Шахланын эс-учун жоготушуна гана  жарым саат керектелген.

Өлүм жазасы ушул жылы 146-жолу аткарылды. Жыл сайын бул көрсөткүч жогорулап, Кытайда жылына 4 миңдин тегерегинде киши өлтүрүлсө, 2018-жылы Иранда 718 киши өлтүрүлгөн.

Дарга асууга анын күйөөсү- 80-жылдардагы ирандын футбол  жылдызы Насер Мохаммадхани да катышты. Футболчу өз учурунда эң атактуу футболчу болуп, Тегерандык Марадона деген каймана атка ээ болгон.

1984-жылы  Мохаммадхани Ирандын курама командасында ойноп жүргөндө “Алтын бутсаны” жеңип алган. Карьерасын аяктагандан кийин Мохаммадхани ирандын футбол федерациясына жумушка чакырылган.

2002-жылы май айында тергөөчүлөр Шахланы  Лалехке бир нече ирет бычак сайып, өлтүргөн деген чечимге келишкен. Лалех менен Шахла экөө бир кишиге күйөөгө тийип, анын никесинде жашашкан. Шахланын Лалехти бычакташына себеп болуп дал ушул фактор аталат. Тергөөчүлөрдүн айтымында Шахла футболчуну кызганып, ошондуктан күндөшүн өлтүргөн.

Шииттик агым боюнча эркек 4 аял менен туруктуу никеге туруудан сырткары канча аялды кааласа ошончо аял менен убактылуу жашаса болот.

Кылмыш болгон мезгилде Мохаммадхани жумуш боюнча Берлинде жүрсө да, жоопкерчиликтен кача алган эмес.  Футболчу аялдарын көзөмөлдөй албагандыгы жана Шахла менен чогуу опиум чеккендиги үчүн  74 жолу камчы менен сабалган.

Кылмышты моюнуна алдырыш үчүн аялдын бутун сындырып, тиштеринин жарымын жулушкан. Муну кийинчерээк укук коргоочулар аныкташкан. Бирок канчалык кыйноого алышса да Шахла кылмышка тиешеси бар экендигин жана баңги зат колдонгондугун четке каккан.   Шахла жолдошуна бир жылдан кийин жолугуп, андан соң өлүм жазасына кол коюп берген. Анткени Иранда жолдошунун гана айтканы болот. Ошондуктан күйөөсү Мохаммадхани аялына күнөөнү мойнуна алууну буйруган.

2008-жылы Мохаммадхани Насердин аялын таш бараңга алуу өкүмү чыккан. Бирок процессуалдык жетишсиздиктердин жана эл аралык укук коргоочулардын кийлигишүүсүнөн улам Шахла Жахед да кылмышты мойнуна албагандыгы үчүн таш бараң ишке ашпай калган.

“Мени 11 ай адам чыдагыс оор шартта кармашты. Мен киши өлтүргөн эмесмин, күйөөм жазадан качкысы келип, мени сатты”,-деп айткан Шахла. 

Amnesty International уюмунун активисттери Шахланын ишине эл аралык кызматтардын катышуусу менен тергөө өткөзүлүшү керектигин айтып чыгышса да, Иран бийлиги аларды уккан эмес. 2010-жылы сот аялдын алгачкы көрсөтмөлөрүн  көңүл сыртында калтырып, аны өлүм жазасына кести.

Ирандык аял таш бараңга жана өлүм жазасына каршы

Ирандагы адам укугун коргоо уюмунун президенти Карим Лахиджинин айтымында Шахла аялдарды жек көрүүчү  коомдун  курмандыгы болуп калган: “Ирандын сот системасында аялдардын такыр укугу жок. Алар  формалдык жактан гана корголууга укуктуу. Анын аргументтери да кабыл алынбайт. Кырдаал дээрлик үмүтсүз”,-деп билдирген.

2011-жылы Ирандын өкмөтү күйөөсүнө кыянат кылган Сакина Аштинга ырайым кылган. Бирок ошол эле учурда миңдеген аялдар түрмөлөрдө жапа чегип жатышат.

40 жыл мурда Иранда кырдаал такыр башкача эле. Эркектер да, аялдар да тең укуктуу болуп, премьер министрлик кызматта дагы Фаррухра Парса аттуу айым иштеген. 1979-жылда Ислам революциясы болуп, эркектерге авторитаризмдик үстөмдүк берилип, үй-бүлөнү коргоо мыйзамы токтотулуп, премьер Парсаны өлтүрүшкөн.

Фаррухра Парса-ирандык баатыр айым.

фаррухра парса сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

Бүгүн өлкөдө билим берүү системасында, коомдук транспортто, кесип тандоодо чектөөлөр (мисалы, аялдар сотто судья боло алышпайт) киргизилген. Мындан сырткары эркектер бар жерде аялдардын ырдоосуна тыюу салынып, аялдар футбол матчтарына бара алышпайт эле. Бул айтылгандарды аткарбоо айып пул төлөөгө же абакка түшүүгө жол ачат.

Аялдардын ушунчалык айласы кеткендигин  “Эстеглал” клубунун күйөрманы Сахар Ходаяринин мисалында көрүүгө болот. 30 жаштагы Ходаярини 2019-жылы эркектин кийими менен стадионго кирүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармашкан. Алгач ага айып пул салынып, кийин түрмөгө кесишкендиктен аял нааразычылыгын билдирип, өзүнө бензин чачып, өзүн-өзү сот имаратынын алдында өрттөгөн. Ходаяри аялдардын тең укуктуулугун уоргоо үчүн күрөшкөн бардык аялдарды колдоогондугу тууралуу кат жазып кеткен.

Бул окуядан кийин ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Иранды 2022-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунан  четтетүү менен коркуткан. Ошондон кийин Тегеран бийлиги былтыркы жылдын октябрынан тарта футболдун аял күйөрмандарына оюн талаасына кирүүгө уруксат берген.

Аялдар 40 жылдан бери 1-ирет оюнду жандуу көрө алышкан.

Ирандык аялдар футболдук матчта

Ирандагы аялдар дагы деле базалык-фундаменталдык укуктарсыз өмүр кечирип, тең укуктуулук үчүн күрөшүн токтотпой келет. Мохаммадханинин аялынын өлүм жазасына тартылышы, Ходаяринин өзүн-өзү өлтүрүшү ж. б. тыюулар жана репрессиялар аларды ачуулантып, максатка жетүүсү үчүн стимул болууда.

Ирандын өкмөтү аялдарга экинчи сорттогу адамдар сыяктуу мамилесин токтотпосо, бул дагы бир революцияны келтирип чыгарышы мүмкүндүгү айтылууда.

Ачык булактардан кыргызчага которулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости