www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-корей окумуштуулары кыргыз жылкысын изилдешет. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Түштүк Корея менен Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун окумуштууларынын ортосунда илимий  изилдөөлөр жана басылмалар, илимий кызматкерлер арасында маалымат алмашуу жаатында меморандум түзүлдү. Меморандумдун негизги максаты кыргыз жылкысынын ДНКсын изилдеп, генетикалык банк түзүү жана кыргыз жылкысынын жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматты элге жайылтуу болуп саналат. Меморандумдун алкагында институттун жылкы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын фермери  Ж.Осмоновдун жеке менчигиндеги жылкыларына изилдөө жүргүзүлүп, тышкы келбетине баа берилип, өлчөмдөрү ченелди.

Эми,  Түштүк Кореянын окумуштуулары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймактарын кыдырып, кыргыз жылкысынын кунардуулугун  жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүгүзүп  келүү  күтүлүп жаткандыгы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости