www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдо, жалпы Ааламда кызыктай эле окуялар болуп атат...кээ бир окуялардын аягы да көрүнбөйт... Андыктан Жараткан улуу касиет берген Ванганын кээ бир айткандарын ортого салалы. Себеби, Ванганын айткандары чындыкка дал келген.

Ванга! Вангелия Пандева Гуштерева-ааламга аттын кашкасындай таанымал Болгариялык көзү ачык болгон. Тактап айтканда, «Ясновидящая»... Мисалы, Ванга Үчүнчү рейхтин фюрери Адольф Гитлердин СССРге согуш ачаарын жана болуп көрбөгөндөй утулаарын, ал согуш кайсы учурда башталып, кайсы учурда аяктаарын так божомолдогону бар.

Ошол алаамат баштааларда Ванга жеке Гитлерге эскертүү жолдоп, фюрердин мындай кадамын токтотууну өтүнгөн.

«Эгер анте албаса бул Гитлердин өз өлүмүн өзү эртелеткен кечирилгис катасы болот» деген. Кызыгы Ванга айткандай болду. Бирок, кезинде айрымдар «Гитлер өлгөн эмес, ал Түштүк Америка тарапка качып кеткен» деген пикирлерди айтып чыгышкан. Ага жооп катары Ванга «Гитлер 1945-жылы, май айында өлтүрүлгөн» деп так кесе жооп берген.

Ошондой эле, Ванга Иосиф Сталин тууралуу да: «Сталин Гитлер өлгөндөн кийин 8-10 жыл аралыгында ал киши дагы кайтыш болот» деген божомолдоосун айтып алып, ал үчүн НКВД тарабынан кысымга кабылган.

Ванга кийинчерээк ошол айтканын улай, 1952-жылы: «Сталиндин оо дүйнөгө кетээрине эшик ачылды» деп билдирген. Чындап эле бир жыл өтүп-өтпөй анын айтканы дал келип Сталин каза тапкан.

Ванга өз өмүрүндө Эл аралык көптөгөн саясий лидерлер тууралуу да далай божомолдорун айтып келген. Алсак, XX кылымдагы дүйнөлүк масштабдагы саясатчы, Индиянын премьер-министри Индра Гандинин өлүмү тууралуу да так божомол берген, орусча айтканда, «Индийского премьер-министра погубит оранжево-желтое платье» дегени бар.

Кезинде СССР державасынын кулаарын да так кесе билдирген. Бирок, көзү ачыктын бул пикирине М.С.Горбачев «Мен экстрасенстерге, көзү ачыктарга жана ушул сыяктуу «прочийлерге» ишенбейм. Ванганын айтканы чепуха» деп караманча каршы пикирди билдирген. Анан не болду?...

Жакында эле анын архивдик материалдарынан Украинада кыргын болоору туурасында айткан божомолу табылганы тууралуу да маалыматтар калкып чыгууда. Ошону менен бирге эле «60 жылдан кийин Кытай, Индия жана Орусия мамлекеттери бир муштумга биригишет» дегенин да атай кетсек болот. 60 жыл. Бул, болжол менен 1930-жылдын айланасына туура келет.

Орусия демекчи, балким кай бирлерине жагаар же тескерисинче кимдергедир такыр эле жакпаар. Ошол эле Ванга мындай тыянак кылган: «Жер бетинде Орусияны сындыра турган күч жок. Бул мамлекетти сындыруу мүмкүн эмес» деген.

Ванганын табигат тартуулаган талантын кезинде АКШ лөктөрү да кубаттап келген. Жогоруда айтылгандар улуу көзү ачыктын божомолдору чыны менен турмушта далилденген. А сиз, ишенсизби, жокпу ал өз эркиңиз.

Последние новости