www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши боюнча Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) 11 кызматкерине сөгүш жана беш кызматкерине катуу сөгүш берилип, РИИБдин башчысынын орун басарына кызматтан төмөндөтүү менен бошотуу тартиптик чарасы көрүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институту бүгүн, 23-майда кабарлап, маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы да ырастады.

Белгилей кетсек, буга чейин акыйкатчы Жолболдуеванын иши боюнча милиция кызматкерлерине чара көрүү боюнча облустук ички иштер башкармалыгына сунуш берилгени кабарланды.

Маалыматта журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектүү катары Батмакан Жолболдуева кармалгандан бери акыйкатчы анын тергөө абагындагы кармоо шарттары, укуктук жактан камсыздалышы боюнча тийиштүү аракеттерди көрүп жатканы айтылат.

Жолболдуева Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып кармалган, ага Кылмыш-жаза кодексинин "Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү", "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу", "Документтерди жасалмалоо"жана "Бейбаштык" беренелери менен төрт кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, 37 жаштагы Арзыгүл Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

49 миңден ашуун катталуучусу бар "Батма-бат" YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын сактоо мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин иштерин сынга алып келген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости