www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореяда коронавирус жуктурган адамдардын саны 2,4 миллионго жетти. Бийлик аны "белгисиз дарт" деп атап койгон. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги билдирген.

Билдирмеге караганда, акыркы суткада дене табы көтөрүлгөн 167 миң бейтап жана бир өлүм учуру катталган.

Белгилей кетсек, буга чейин Түндүк Кореяда коронавирус жуктурган учурлар кездешип, бийлик "эпидемияга каршы өзгөчө системаны" киргизгени айтылган. Вирустун жайылуусун тез арада токтотуу үчүн Ким Чен Ындын тапшырмасы менен бардык шаар, уезддерде локдаун жарыяланган.

Апрелдин аягынан 22-майга чейин дене табы көтөрүлүп дарыгерге кайрылгандардын саны 2,81 миллионго жеткен. Анын ичинен 2,33 миллиону айыкса, 480 миңи дарыланып жатканы айтылды. Температура болгондордун канчасы коронавирус менен ооруганы белгисиз.

Акыркы маалыматтар боюнча, дарт 68 адамдын өмүрүн алган. Алардын биринин анализинен "омикрон" штаммынын BA.2 түрү аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости