www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Июнь окуясын кылдат иликтеп, акты - ак, караны - кара деп ордуна коюшубуз керек», - деди бүгүн, 23-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков.

- Жусупжан агай, Июнь окуясы боюнча үч саясатчыга айып коюлду. Ал окуя иликтенип, ак карасы ажыратылышы керекпи же болоор иш болду, боёсу канды деп эле койгонубуз оң беле?

- Бул маселе иликтенбей калбашы керек. Керек болсо эки тараптуу кылдат иликтениши керек. Ал окуянын болушуна жол берген деп Убактылуу Өкмөттү эле жарга такай бербей, сеператистер тарапты дагы изилдеш керек.

Анткени, бул окуя  маани бербей турган, өткөн өттү дей турган окуя эмес. Буга көз жумууга болбойт. Ошон үчүн окуяны кылдат иликтеп акты - ак, караны - кара деп оруна коюшубуз керек.

Анткени, элдер да, аткаминерлер да тынчтык болсун дешкени менен өзүнүн керт башын ойлогон саясатчылар да, сеператистер да болгон. Ошолорун айынан каргашалуу окуя чыккан.

- Бирок, Убактылуу Өкмөт кыянатчылыкка барышпаганын ал окуя үчүнчү күчтөрдүн айынан болгон деген ойду айтып жатышат го?

- Убактылуу Өкмөт ошол мезгилде каргашалуу окуяны алдын алууга кайдыгер болушкан. Ошон  үчүн үчүнчү күчкө шылтап жатышат. Бул жерде үчүнчү күч болгон эмес. Мен бул каргашалуу окуяны Убактылуу Өкмөттүн шалаакылыгынан болду деп ойлойм. Өздөрү жакшылап креслого отуруп алып, жеп, ичип, уурдагандарын аш кылыш үчүн элди алаксытабыз деп, тополоң чыгара коёбуз деп ойлошкан. Анысы ырбап кетип, улут аралык жаңжалга айланып кеткен.

- Эмне үчүн антип ойлойсуз?

- Убактылуу Өкмөт бийликке келгенде 86 адам өлдү. Бирок, ушул кезге чейин ал балдар кайдан, эмне болуп өлгөнү иликтенген жок го.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан.

Коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

«Июнь окуясы» деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости