www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

...тонналаган азык түлүктөрдү качкын-бозгундарга жеткиртип, ал жардамды ким бергени, ким төлөгөнү, ким кайрымдуулук кылганы белгисиз.. атын-жөнүн эч жанга айтпастан жакшылык артынан жакшылык кыла берген кишилер көп; суусу жокторго суу чыгартырып берген, жолу баткактарга жол, көпүрөсү жокторго көпүрө салдырып берген, айтор ушул сыяктуу көптөгө-өөн албан иштерди ашыра жасап, атын-памыйласын айтпаган белгисиз берешен кишилер жүрөт көптүн бири болуп көрүнбөй арабызда. Айтайын дегеним башка... Кээде адамда ушундай сезимдер болот,.. качанкы бир осол окуяларыңды эстеп даабай, сүйлөшпөй, ыраактап жүргөн, сени таарынткан же сен аны таарынткан кишилерге бажырая барып кучактап, жакшы кептерди айтып колуңда бир даана өрүгүң болобу, канпетиңби, жакшы буюмуңбу бере салып “ала кой, жей гой, пайдалана бер..” деп, анан анын жүзүнүн жаркып ыраазы боло көлкүп-ташыганын көрүп, ошол күндүн позитивдүү энергиясы менен көп күн бою жадырап, жашай эле бергиң келип, жолдо селейип жаткан таштар да ажайып көрүнүп, бүт баарын чексиз жакшы көрө бергиң келет...

Жумушка баратканда Алма-Ата көчөсүндөгү көпүрөдөн ыраакта, оңго карай бурумдан такай өтөм. Ошол жерде бир карапайым адамдар дайыма алма сатып тирлик кылганын көрүп калам. Ар өткөн сайын ошол алмалар көз жоосун алып, шилекейди кылк жуттура бергендиктен, бир курдай үйгө бала-чакага да алып жеген жайым бар. Күнүгө ошол жерден өтөм, күндө алмалар кызылы кызыл, агы ак болуп албырат... Ошонун баарын жөн эле тиктебей, ар нерселер ойго келип ой чаргытып тиктейсиң. Жетекчи болгон соң кайсы бир катачылык үчүн жамааттагы тигини же муну тилдөөгө, “жакшы иште!” деп урушууга туура келген күндөр болот,.. өзүң деле периште эмес экениңди билип, катачылык кетирип жаткан пенделер сендей эле пенде экенин ичтен моюнга алып жүрөгүңдүн тереңинде ошол тилдөөдөн, жазалоодон кийинки жүктү, асанкайгы сезимдерди өзүң менен кошо алып жүрө бересиң, жүрө бересиң...

Мейли жумушта ким бирөөлөр кайра-кайра кемчилик кетиришсе да, анысы улам кайталанып тажатса да, аларга ого бетер жакшылыктын артынан жакшылык кылып жеңгиң келет. Бир күнү ошол максатымды ишке ашырмай болдум да, жанагы көпүрөнүн жанындагы бурумдан өтүп баратып эжекеден алма алдым. Тонна-тонна деле эмес. Бир эле баштык. Анан жамааттагы адамдарга өз колум менен сунуп бердим. Улам алма сунган сайын тонналаган жакшылык кылып аткандан бетер эргидим. Бул өзү жакшы сезим экен.

Эртеси жамааттагы эле бирөөлөр мага төрт кесим дарбыз, азыноолак жүзүм берип үстөлгө коюп коюшуптур. Мен жакшылык кылып жеңип салдым деп шаңыраңдап жүрсөм, алар тигинтип жакшылык кылып мени жеңип салышты. Ушундаа-ай достор!

“Сен туура эмес...жок мен туура..” деген саясат калат бизден,.. баланча партиянын лидери укмуш....жок, тээтиги лидер шумдук деген лидер данктаган чыр-талаш калат бизден; тиги президент акмак...а бул президент жакшыраак деген жулунуу да калат бизден; жүрөккө уялап калганы - бирөөлөргө кылган жакшылыктарыбыз,.. “ала гой” деген алмабыз, берген беченийибиз, сунган кампитибиз,.. мына ушундай "ээээң" эле жөнөкөй нерселер эле адам экенибизди эстетип, адам экенибизди унуттурбай тагдырыбыздагы эсеп дептерибизге жазыла берээр экен..

Бизди өлө жаман көргөндөрдү да, жакшы көргөндөрдү да – баарын жеңели, таш менен ургандарды аш менен уруп, алма сунуп, кабак бүркөбөй, каадаланбай, колко кылбай, жадырап-жайнап жакшылык сунуп жеңели!

Жогорудагы ой-пикир атактуу тележурналист Эрнис Кыязовдун баракчасынан алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости