www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арбаңыздар , ассалом алекум , баарыңыздарга тынчылык болсун улук-кичик фейсбукташтар, достор!

«Кайда жоголуп кеттиң?” деп көп адам жазып, чалып сурашып, кээси үйгө чейин келип өзү менен кошо көтөрө келген кыямын (варенье) берип чайлашып олтуруп да кетишти. Каңырыш угуп мени “о дүйнө узап кетиптир” деп угуп анан тирүү эле экенимди билип “өмүрүң узун болот экен” деп кубанган тааныштар да болду. :) Баарыңыздарга рахмат! Көптөн берки тыныгуудан кийинки силер менен болгон бул саламдашуумду - чоң жортуулда баатырларча салгылашып аман кайткан жоокердин саламындай кабыл албаңыздар. ;) Тек, бир жакшы иш баштадым эле, ошол иш тууралуу кабарлап коюудан мурда кайда жүрүп, эмне кылып жатканым тууралуу айта кетейин деген эле изги ниет:

1). Менин үйүмө келип “чочутуп” кеткен тентектердин окуясына чекит койгом: мурдагы милицияга жазган арызымдан кийин аз өтпөй эле, “коркутуп кеткендерди мен кечирдим, кокус кармап калчу болсоңор эч дооматым жок, кое берип жибергиле” деген мазмунда кайра тосмо арыз жазып бирөөгө жаман, кыйды ойлобой Орозонун күнүндө жан дүйнө сергип жүргөн кезим.

2). Чыгармачылык уланууда. Ал эмне болгон чыгармачылык экенин билгиңер келсе интернеттеги www.islamlife.kg порталына кирсеңер баары түшүнүктүү болот. Бул деген – “журналистикадагы шыгымды, телевидениеден тапкан өнөрдү динге кызмат кылууга, анын мамзунун түшүндүрүүгө арнайм” деген максат. Портал ишин жаңыдан гана баштап жаткандыгына байланыштуу айрым бөлүмдөрдүн техникалык себептерден улам али ишке кире электигин туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деген ойдомун.

3). Курандын кыргызча котормосун аудиолоштурууга кириштим. Курандын текст түрүндөгү варианты интернеттеги ар кыл диний сайттарда, китептерде, чакан брошюларда болгону менен негедир Кыргызстанда бир да (....) аудио-Курандын версиясы жок экен. “Курандын маанилеринин кыргызча котормолору” деген китептин авторлорунун бири Саидбакас Дооловдун өзүнө жолугуп кеп-кеңешип угуп Курандын сүрөлөрүн бир четинен өзүм көркөм окуп, аудио-сүрөлөрдү порталга жайгаштыра баштаганыма 15 күндөй болду, сүрөлөр менен төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар:http://islamlife.kg/audios/track/1 Жараткандын жардамы менен бара-бара иштин көлөмүн көбөйтүп олтуруп Куранды бүт толугу менен кыргыз тилине аудиолоштуруп бүтсөм деген тилегим бар.

Исламды түшүнүү үчүн Мухаммед (САВ) Пайгамбарга түшүрүлгөн Куранды түшүнүү керек. Ар кандай себептер менен Куранды ачып аягына чейин окубаган адамдар көп. Дегеле окууга караганда “..Курандын кыргызча аудио-версиясы болсо толук угуп чыгат элем..” деген адамдардын көп эле учуратып жүрөм. Куранды аудиолоштурууну максат кылганымдын башкы себеби да ушул, жарандарыбызга Курандын кыргызча маанилеринин котормосун аудио түрдө толук жеткирүү.

Анан,..фейсбуктагы соңку талкууларга назар таштап көрсөм, көбүнесе дин темасына байланыштуу экен. Ислам дини десе “сакалды, чапанды, жоолук, хижабды, жардырууну, терроризмди, Аравияны, Сирияны ж.б.у.сыяктууларды” түшүнгөн адамдардын мынткенинин себеби:

а) аларда исламдын өзөгү, түпкү миссиясы тууралуу толук, ар тараптуу, жеткилең маалыматтын жоктугу;

б) аларга исламды түшүндүрүү чочуткан, үркүткөн, кээде агрессивдүү маанайда болуп жатканы деп эсептейм.

Биздин порталдын максаты - ислам тууралуу исламий аалымдардын, теологдордун, илимий даражасы бар дин адистеринин (анын катарында башка өлкөлөрдөгү КМШ, Азия, Европа, АКШ ж.б.) пикирлерин, макалаларды, маектерди, маалыматтарды жарыялап туруу.

Ислам – тынчтыктын дини, “жакшы бол, жакшы жүр, жакшы жаша, жакшылык кыл” деп жакшылыкка чакырган эле дин. Исламда – саясат, экономика, экология, психология, этика, аял менен эркектин, баланын, кыздын, ата-эненин, жетекчинин, эл башынын, байдын, кедейдин ж.б.-нын коомдогу орду, жамандык-жакшылык, дос-душман, согуш-тынчтык,.. айтор баардык нерсени табууга болот. Бүгүн түшүнбөгөндөр балким эртең түшүнүшөөр деген үмүт менен жакшылыкты жайылта берели, достор! Жакшылыкты таратууда атаандашалы, жарышалы! Ылайым эле жакшылык кылуулар көбөйүп, саясатта, экономикада, коомдук турмушта жамандык кылууга орун калбай калсын, оомин!

P.S. Баса, бүгүнкү жума күнүңүздөр кут болсун!

Баарыңыздарды урматтоо менен Эрнис Кыязов

Мындай пикирин Эрнис Кыязов бүгүн, 16 июнда Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости