www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камакта жаткан мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 2009-жылы президенттик шайлоого катышып, добуш берүү күнү өз талапкерлигин алып салып элдин кыжырын келтирген эле. АША ошондо бул аракетин Бакиевдердин бийлигине шылтап, штаб башчысы Бакыт Бешимовду “сатылып кетти” деп күнөөлөгөн.
Бирок, АШАнын бул айткандары жөн эле апыртма экенин ошол кезде Атамбаевге буту үзүлгөнчө чуркаган саясатчы Кубанычбек Кадыров “Азаттык” үналгысына жакында эле курган маегинде билдирген. Анын айтымында, АША шайлоо күнү Максим Бакиевге “сатылган”. “2009-жылы президенттик шайлоо күнү маалымат жыйынды ошол кездеги Атамбаевдин штаб башчысы Бакыт Бешимов өткөрүп, Алмаз Шаршенович талапкерлигин алганын билдирген. Бирок, Атамбаев “Бешимов Бакиевдерге сатылып кетти” деп бизге айта баштаган. Мени менен кеңешпей туруп маалымат жыйынында айтып салды деген. Бирок, Роза Отунбаева “Кубан Атамбаевдин кабинетине кирсем талапкерлигин алуу боюнча билдирүүнү өзү даярдап жатыптыр” деди. Ал эже көрдүм деди. Ошондо Атамбаев Сапар Исаков аркылуу Максим менен сүйлөшүп, шайлоого кеткен 3 млн. доллар чыгымын алгандан кийин талапкерлигин алып салыптыр. Бул Атамбаев бийликке келгенден кийин Сапар Исаковго болгон мамилеси аркылуу деле тастыкталды” , - дейт ал. Бул тууралуу "КабарИнфо" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg