www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун аймагында өздөрүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, Орусиянын жарандарын тоногонго шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уурулук” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталган. Издөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 41 жана 47 жаштагы эки жаран Бишкек шаарында кармалып, Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Кылмышка шектелип кармалгандардын УКМКга тиешеси жок экендиги аныкталган.

Эске салсак, 17-сентябрда Ысык-Ата РИИБине Орусиянын жарандары кайрылып, белгисиз адамдар акчасын уурдап кеткендигин айтышкан. Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылына жакын жерде Орусиянын жарандары отуруп бараткан унааны БМВ унаасында отургандар токтотуп, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери деп тааныштырышкан да документтерин талап кылышкан. Ошондой эле алар сумкаларын да текшеримиш болуп жатып, 10 миң рубль акчасын кымырып алышкан.

Жабырлануучулардын бири Орусиядагы соттордун биринин төрагасы экендиги айтылган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости