www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабинет министринин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов деген бар. Соцблокту тейлейт. 

Буга дейре бул орунду аялдар ээлеп келишкен. Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен Эдил Байсаловго буюрду. Жараткандын буйругубу, же Жапаров деле Байсаловго кандай кызмат керектигин билип, айымдардан эмнеси кем дедиби, айтор соцблокту жетектетип койду. 

Бүгүнкү күнгө чейин эмне иш кылганы билинбейт. Кылаарга иши жокпу, же соцблокту көзөмөлдө десе, соцтармакты көзөмөлдө деп түшүнүп алганбы, качан болсо социалдык түйүндөрдө ар ким менен айтышып, пост, комментарий жазып отурган болот. 

Ушул Байсаловду Атамбаевдин абактан чыгышы "ичин өткөрүп" жиберди көрүнөт. Же кыйшайбайт деген кылы кыйшая түшкөнбү, адатынча кашынып пост жазып чыкты. 

Ич күптүүсү ашынып кеткендиктенби, болбосо колтугундагы котур ташы ойгондубу: "Анын эң башкы кылмышы мамлекетке жана мыйзамга баш ийбөөсү болду. Атамбаев тергөөгө келиши керек болчу. Бирок ал өзүн элден, мамлекеттен жана мыйзамдан жогору койду", - деп акылынын жетишинче боктогонго аракет кылды. Бирок анысы суу кечкен жок. Сыягы, жаман оюнда коомчулук ынанып, колдоп, кубаттайт десе керек. 

Айткандай, Байсаловду үрпөйтүп, кылын кыйшайткан жагдай Атамбаевге июнь окуясына байланыштуу берилген суроого карата, анын Кадыржан Батыровго ошол кезде ким жардам берди эле деген маселени козгогону жарасына туз сепкендей болгон көрүнөт. Дароо, айкырык салып чыкканына караганда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости