www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылы сентябрь айында Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип кармалгандардын соту дагы деле боло элек. Бул тууралуу депутат Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Аталган кылмышка шектелип 4 киши кармалып, анын экөө абакта каза болду. Маркум кыздын атасы мага кайрылды. Ушул күнгө чейин сот боло элек экен. Атасы азыр өзү да ооруп, соттон сотко чуркап жүрөт. Ата-энеси суранып жатат, мыйзам чегинде карап, өкүм чыгарып беришсин», — деди ал.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 4-сентябрында Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн.
Анын колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган тургуну экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумганы маалым болгон.
Булак: NazarNews.kg