www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралууда.

Сот отуруму судья Мирлан Термечиковдун төрагалыгы астында өтүүдө.

Мамлекеттик айыптоочулар эки кылмыш ишин: Кой-Таш айылындагы жер тилкелерине мыйзамсыз ээ болуу жана мыйзамсыз баюу иштерин бириктирүү жөнүндө өтүнүч келтиришти.

Атамбаев жана жактоочулары ага каршы болушту.

«Акчаны Шадиевдин эсептеринде сактагыдай жинди белем», - деди Атамбаев мыйзамсыз баюу жөнүндө айыптоолорго.

Мыйзамсыз баюу боюнча козголгон кылмыш ишине мурдагы депутат Аскарбек Шадиев да айыпталууда.

Андан тышкары Атамбаев мамлекеттик айыптоочуларга каршы өтүнүч келтирди.

«Алардын ордуна бул ишти жасалмалагандар келип отурсун. Алар (айыптоочулар) Зулушевдин (башкы прокурор) жана Набиевдин (башкы прокурордун биринчи орун басары) басымы менен ушул жерде жүрүүгө аргасыз болуп жатышат. Кыздарга (айыптоочулар) боорум ооруйт», - деди Атамбаев.

Анын өтүнүчүн жактоочулары Сергей Слесарев жана Замир Жоошев да колдоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости