www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн кылымда кыргыздарды эки ирет геноцид кылган ким?

Кыргыз эли азыркы КМШдагы эң байыркы эл. Кыргыздар эр жүрөктүүлүгүнөн Александр Македонский, Чыңгызхан, Темирлан сыяктуу ааламды баш ийдирген полководецтерге баш ийишпей, кыргынга учурап саны азайып келген. Тагдырдын тамашасын кара, кечээ гана славяндардан эл болуп бөлүнүп чыккан орус, украин, белорус, токсон боолуу өзбек бизден алда канча саны көп. Ал эмес казак, тажиктер саны жагынан бизден ашып баратат. Анын үстүндө өткөн кылымда, 1916-жылы үркүндө Россия императору ак падыша Николай кыргыз эли менен Россия империясынын ортосунда түзүлгөн келишимди бузуп, кыргыз элин геноцид кылып бешиктеги баладан бели каткан чалга чейин кырса, Улуу Ата-Мекендик согушта кыргыз эли экинчи ирет кырылган. СССР мамлекет башчысы кыргыздар эр жүрөк эл экенин билген. Ошондуктан, 1941-жылы кыргыз-казактан түзүлүп, мылтык менен куралданган Панфилов дивизиясын Гитлердин танкалык дивизиясына каршы койгон. Танкалык дивизияга бир гана “Манас” - деп ураан чакырган кыргыздар туруштук берген. Ал эми Сталин деп ураан чакыргандардын кээ бирлери Власов менен фашисттерге өтүп кеткен. Сталин кыргыз жигиттерин фронттогу эң оор участокторго коюп жатып кыргыздын жапжаш жигиттери Улуу согушта кырылып, кыргыз элинин саны кайрадан азайа түшкөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости