www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты болбой калды

Бириккен күрөш Уюмунун расмий сайтындагы маалымат боюнча Күрөш боюнча 2020-жылы Дүйнө чемпионаты болбой калды.

Мындай чечимди Уюмдун Аткаруу Комитети дүйнөнүн күчтүү курама командалары баш тарткандыгына байланыштуу кабыл алды. Дүйнө чемпионаты жокко чыгарылып, анын ордуна жекече дүйнө чемпионаты 12-20-декабрь күндөрү Белградда (Сербия) өткөрүлөт.

2020-жылы Олимпиада оюндарына байланыштуу дүйнө чемпионаты олимпиадалык эмес салмак категорияларында өтүшү керек болчу. Бирок Токио Олимпиадасы 2021-жылга жылдырылып, UWW толук кандуу дүйнө чемпионатын өткөрүүнү чечкен.

Дүйнө чемпиондугуна катыша турган Кыргызстандын курама командасынын курамы аныктала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости