www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстан Батукаевге эмне үчүн муктаж болгон?  Чынында иш жүзүндө эмне болгонун, кандай негизде ишке ашырылганын Орусия деле так билишпейт да. Бирок адатта мындай иштердин артында эң жөнөкөй эле паракорлук же акча турушу мүмкүн. Кыргызстанда чемоданга салынган долларлар «саясий оппоненттерди уурдап келүү» сыяктуу татаал конспирологиялык версияларга салыштырмалуу көп нерсени чечиши мүмкүн. Айтылган сөздөр боюнча Батукаев жакыр киши эмес. Кыргызстанда «ал уюшкан кылмыштуу топтордун орчундуу бир бөлүгүн көзөмөлдөп турган» деген ой кеңири жайылган. Андыктан анда акча бар эле. Өзү деле төлөп коюшу мүмкүн. Кыргызстанда Азиз Батукаев үчүн бир нече аткаминерди сатып алууга жетиштүү акча топтоо чоң деле маселе эмес. Бул ишке сөзсүз эле расмий Грозныйды аралаштыруунун кажети жок.

Албетте, Атамбаев Чеченстан үчүн эч ким эмес. Керек болсо Орусия үчүн да эч ким эмес. Кыргызстандын катардагы жараны гана. Теориялык жактан, Кремль билген да болушу мүмкүн, билбеген да болушу мүмкүн. Бул жерде жоромол же спекуляциялар жөнүндө гана сөз болуп жатат. Аларды ырастап же четке кага албайбыз. «Бул Кремль ойлоп тапкан атайын операция» деп деле жоромолдоп койсо болот. Бул сыяктуу түрдүү божомолдорду айтса болот. Болгону аларды ырастай албайбыз. Кремль менен Атамбаевдин кандайдыр бир мамилеси бар деп айта алам. Алмазбек Шаршеновичтин айланасындагы талкууларды Кремлдегилер өтө деле жакшы кабыл алышкан эмес. Бул маалымат так деп кепилдик берүүгө. Бирок ушундай ойлор кеңири тараган.

Биринчиден, бул – жаман прецедент. Президенттин мындай оор беренелер менен, узак убакытка түрмөгө отургузулушу Кремлде деле, Ак -Ордодо деле бирдей, жаман кабыл алынган деп ойлойм. Себеби постсоветтик чөлкөмдө президентти, Орусиянын алдында кандайдыр бир кызмат кылган адамды түрмөгө отургузуу, өзгөчө узак убакытка эркинен ажыратуу кеңири жайылган көрүнүш эмес.

Атамбаев транзиттик базаны «Манастан» чыгарган, Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулушуна өбөлгө түзгөн, Кремль үчүн кыйла достук мамиледеги саясат жүргүзгөн. Андыктан аны отургузуп коюу жакшы мисал эмес. Ушундан улам Кремлдегилер «Атамбаев түрмөдө отурабы же отурган жокпу» деген маселеге көңүлкош мамиле кылат деп ойлобойм. Ошондуктан «Орусия мурдагы президентке кескин мамиле жасалганына анчейин канааттанбайт» деген сөздөрдүн негизи болсо керек.

Ошол эле учурда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков расмий позицияны айтып, «бул Кыргызстандын ички иши» деп билдирген. Андыктан Москва бул ишке түз кийлигише албайбыз деп ойлойт. Бирок Бишкек же азыркы кыргыз бийлиги Атамбаевге карата, менин оюмча, өтө кескин позицияны оңдоп-түзөй турган болсо, буга Кремлдегилер кубанычта эле болушат. Бирок Песковдун айтканын кайталасак, анда бул «Кыргызстандын ички иши».

Атамбаевдин айткандарын ар башкача талдай берсе болот. Маселен, Атамбаевге каршы кылмышкерлерди Кыргызстанга кандайдыр бир жол менен алып келиш үчүн бейформал же кадыр-барктуу чечен өкүлдөрүнө үмүт артылган деп жоромолдосо болот. Мындай маалыматты толугу менен четке кага албайбыз. Себеби, экстрадиция кылуу же мыйзамсыз жолдор менен уурдап кетүү сыяктуу иш-аракеттер башка өлкөлөрдө боло келген көрүнүш. Балким Алмазбек Атамбаевдин өзүн же бул операцияны уюштурган адамдарды адаштырып коюшкандыр же колдонуп кетишкен чыгар? Балким Атамбаев өзүнө коюлган айыпты четке кагыш үчүн ушундай катуу билдирүү жасап жаткандыр? Себеби, Атамбаев дал ушул маселе боюнча түрмөгө кесилбедиби. Башкача айтканда, Батукаевдин маселеси - ага коюлган башкы айыптардын бири. Эгер кандайдыр бир күмөн жаралса, ишти кайра кароого, Атамбаевди бошотууга негиз түзүлүшү мүмкүн. Ал бул үчүн ар кандай билдирүүлөрдү жасашы ыктымал. Дүйнөлүк тарыхта атайын кызматтар же бейформал топтор же мыйзамсыз иштер менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтор мындай кадамдарга барган учурлар көп.

Так айтыш кыйын. Биринчиден, Алмазбек Шаршенович Атамбаев көп темада сүйлөчү. Болгондо да уккан адамды дендароо кылып койчу. Андыктан Атамбаев азыр кандай абалда экенин эске алганда анын сөзүнө 100%  Орусия ишенбейт. Ал үчүн Атамбаев маселенин чоо-жайын толугураак түшүндүрүп бериши керек.

 

Атамбаев айткан версиялар буга чейин да ачыкка чыккан. Маселен, 2019-жылы «Атамбаев менен УКМКнын мурдагы жетекчиси Шамил Атахановду беттештирүүдөгү протокол» деп аталган документ Интернетке тарап кеткен. Анда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун үзөңгүлөшү, Мамдуманын депутаты Адам Делимханов Бишкекке келгени, кийин ал «кылмышкерлерди экстрадициялайбыз» деп убада бергени айтылган. Чеченстандын лидерлери же таасирдүү адамдары мындай операцияны уюштура алат беле?

Чеченстандын азыркы жетекчилигинин дарегине дооматтар айтылып келет. Маселен, «Рамзан Кадыров атасы Ахмад Кадыровдун өлүмү үчүн күнөөлөп келген адамдардын көзү тазаланган» деген дооматтар бар. Бирок алар сот чечими менен бышыкталган эмес. Мен билгенден, жогорудагы адамдардын Европанын аймагында киши колдуу болушу боюнча сот чечимдери чыккан эмес. Андыктан бир жагынан Чеченстандын жетекчилигинин укуругу узун деп айтсак болот. Ошол эле учурда карама-каршы пикирди кармангандар муну жалган жалаа деп мүнөздөшөт. Азырынча сөздөрдүн эле кармашы жүрүп жатат. Ал үчүн кайсы бирөөгө кандайдыр бир айып коюш кыйын.

Азыр Атамбаевдин жогото турган эч нерсеси жок. Ал бир нерсе болуп кетмейинче түрмөдөн чыгышы керек. Ден соолугу начарлаганын, дагы бир нерселер болгонун Орусияда угуп калып жатышат. Эсиңиздерде болсо, жакында ал «сасык тумоонун оор формасына» чалдыкканы кабарланбады беле. Айрымдар ал коронавирус жугузуп алганын, кайсы бири пневмония болуп жатканын айтышкан. Ошондо эксперттер арасында «аны Кыргызстандан башка жерге дарыланууга жөнөтүшү мүмкүн» деген ойлор айтылган. Андай болгон жок.

Андыктан ал абактан чыгышы үчүн ар кандай версияларды айтышы мүмкүн. Алмазбек Шаршенович  маселени бир аз көбүртүп-жабыртышы мүмкүн деген ойду четке какпаш керек. Ал калп сүйлөп жатат деп айткан жокмун, бирок фантазияга жол бериши мүмкүн. Бул мурда ага мүнөздүү көрүнүш болчу. Кантсе да Батукаев кимдир-бирөөгө керек болгону анык .Айың кептер боюнча ал өтө деле оор эмес кылмыштар боюнча Чечен Республикасында жазасын өтөп жатат. Ага «курал-жарак сактаган» деген айып коюлган. Түрмө жазасы деле анчалык узак эмес болчу. Ал тууралуу маалымат 2019-жылы жарыяланган. Башка бир жагдайлар пайда болуп кетпесе эле, ал түрмөдөн чыккан болушу мүмкүн же акыркы айларын өтөп жатышы ыктымал.

Ал кандай шартта жашап жатканы, түрмөдө отуруп же отурбаганы эч кимге белгисиз. Анын Чеченстандагы жана Кыргызстандагы таасирин эксперттер бир жактуу айта албайт. Айрымдар аны «көбүртүп-жабыртылган авторитет» десе, кайсы бири аны чоң маселелерди чече алган кримтөбөл катары баалашат. Аны бир эле учурда «мафиянын төбөлү» жана «майда кылмышкер» деп да атап жүрүшөт.

Логика боюнча Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө кандайдыр бир жоопту күтсөк болот. Кимдир-бирөөдөн жок дегенде оозеки бир жооп болсо керек. Сөзсүз Рамзан Ахмадович жооп бериши керек деп айткан жокмун, бирок чечен бийлигинин расмий өкүлдөрү бул маселеге ачыктык киргизиши зарыл.Орусия Федерациясынын маалыматтарында да экс-президент Атамбаев тууралуу маалыматтар жарыяланып калат. Орус тилинен которуп жарыяладык.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости