www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл оозунда айтылган кеп боюнча Алмазбек Атамбаев 10 жылдан 20 жылга чейин камалып кетиши мүмкүн. Батукаевдин иши боюнча ачылган кылмыш иштери алты жыл кеч болсо да тамам болуп баратат. Батукаевдин иши боюнча 19 адамга кылмыш козголуп 27-сентябрда Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Бул иш боюнча кылмыш иши жүрөктү солкулдаткан чоң мансаптагы адамдарга козголгон:

  1. Атамбаев Алмазбек - ал кезде Кыргыз Республикасынын президенти;
  2. Нарынбаев Данияр – ал кезде президенттик аппараттын жетекчиси;
  3. Атаханов Шамил - ал кезде Кыргыз Республикасынын вице-премьери;
  4. Таабалдиев Бусурманкул - ал кезде Кыргыз Республикасынын УКМКсынын төрагасы, бүгүнкү күнү качып жүргөнүнө байланыштуу Интерпол аркылуу изделип жатат.
  5. Салянова Аида - ал кезде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
  6. Жолдубаева Индира - ал кезде Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;
  7. Рысалиев Зарылбек - ал кезде Кыргыз Республикасынын түрмөлөрүнүнү кожоюну;
  8. Сагынбаева Динара - ал кезде Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри;
  9. Турсунбек Акун уулу - ал кезде Кыргыз Республикасынын омбудсмени жана башка бардыгы 19 адамга кылмыш иши козголгон.

Акыркы маалыматтарга таянсак кылмыш иши козголгондордун көпчүлүгү тергөө органдары менен тыгыз иштешип, көп кара карганын ичинде ак карга болуп, кылган кылмыштарын мойнуна албагандар:

Атамбаев Алмазбек менен  Жолдубаева Индира калыптыр. Батукаевдин иши боюнча кылмыш ишинде Атамбаев башкы фигура болуп эсептелинет. Анткени, Бакиевдин заманында да ортого Александр Машкевич түшүп Азиз Батукаевди чыгаруу демилгеси болгон. Арийне, Курманбек  Бакиевдин макул болбогондугуна байланыштуу Азиз Батукаев түрмөдө калган. 2013-жылы жазында бул маселе кайрадан көтөрүлгөн, Атамбаев президент катары Азиз Батукаевдин чыгарылышына макул болбосо, ал жазасын өтөмөк.

Алмазбек Атамбаев 10 жылдан 20 жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн. “Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет” -дегендей, Атамбаевдин аркасы менен анча-мынча акчага туйтунуп, чалчактап жүргөн кээ бирөөлөр эми ичип-жегендерин кусушуп, шарттуу кесилиштери мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости