www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев Батукаевди бошоткону үчүн түрмөнүн түбүндө жатып, эми эс алып № 47 ден сооолукту чыңдоочу жайда эс алып жатат. Батукаев болсо Грецияда  «ворлордун» «сходкасында» чартаңбай тартып жүрөт. Өмүрбек Суваналиев аны ээрчиген элдин барын сатып Нарыга губернатор болгон. Сүйүнүп кетишкен «ворлор» Нарынга «сходкасын» уюштурушкан. Эми Путин Орусияга жолотпой көчүгүнү «палка» салып атышса эмне кылышсын, Суваналиев Баткенге губернатор болгондо «ворлор» абдан сүйүнүшүп Баткенде «сходка» өткөрөбүз дешип турган.т «Ворлордун» Туусу болгонг Каттани кызматынан түшүп калып, булар айласы жок Грецияда «сходка» өткөрүүгө мажбур болушту. Грециядагы «сходкада» 25 авторитеттүү «вор» чогулуп, Азиз Батукаев Ахмед Шалинскийди  мурунтуктап алган. Бул «вор» 150 миллион долларды кытып алганы үчүн, элге жек көрүмдүү болуп турган. Азиз Батукаев  «общякка» ал өзү жооп берет деп аны «вор» титулун берүүгө үндөгөн.

Мейли, ким «вор» бирок биздин экс-президент  Батукаевди кетиргени үчүн камакта Атамбаевдин «Анкарагаздагы» миллиондорунун изи

Кийинчерээк, Атамбаев компанияларды сатуудан түшкөн акча жөнүндө айткан: «Ал (биз Түркиянын президенти Эрдоган жөнүндө сөз болуп жатат. - Kaktus.media) ал жада калса өзү мага жардам берди, анткени, мен Түркиядагы ишканаларымды сатканда акчамды досторума бергем.  Алардын арасынан бирөөсү «Анкарагаз» долбоорун инвестициялаган, эми биз чогуу инвестиция салганбыз десем болот. Ал жакта 50 миллион доллардан ашык тоңдурулган каражат бар болчу. Аны мыйзамсыз тоңдурулган. Ошондой эле, Тайып бей мага бул акчаны кайтарып алууга да жардам берди. Эрдоганга бул үчүн ыраазычылыгымды билдирем жана ар дайым ага ыраазы болуп келгем».

Ошондо, Атамбаевдин акчасы баарибир эле Түркияда калган болуп калабы?

Бул тууралуу жарандык активист Эдиль Байсалов кененирээк айтып берди.

Анын айтымында, 2007-жылы Анкара мэриясы «Башкент Газ» бөлүштүрүүчү тармагын сатыкка койгон. 2008-жылдын март айында келишимди $ 1,61 млрд деп баалаган Global Energaz консорциуму жеңүүчү деп табылган. Бирок, алар сумманы төлөй албай калышкан. 2009-жылдын январында Анкара мэриясы сатып алуу укугун Атамбаевдин илгертен бери келе жаткан досу Ахмед Каяга таандык болгон Elektromedдин экинчи талапкерине өткөрүп берген.

Депозит катары компания кепилдик берген банктын 50 миллион долларлык аккредитивин түзүп, бирок булар да 1,55 миллиард долларын төлөй алган эмес.

«Анкара шаардык мэриясы 2009-жылдын июнь айында 50 миллион долларды ачыкка чыгарган (мыйзамсыз экени аныкталып, кармалган). Көрсө, тендердин шарттары ушундай болчу экен. Демек, эч кандай тоңдурулган акча жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Кыязы, бул компаниянын салык карызын кечүү жөнүндө сөз болуп жатса керек.

2013-жылы Эрдогандын өкмөтү 2004-2008-жылдардагы төлөнбөгөн салыктарды 57,4 миллион түрк лирасы жана Электромед компаниясына 81,7 миллион лира айып санкцияларынан чыгарып салганы түркиялык ЖМКлардын кыжырына тийди», - деди Эдил Байсалов.

Ал эми Атамбаевдин маалыматынын аркасында 2017-жылдан баштап Elektromed жана Gülcanlar Elektrik Elektronik Ltd.Şti бир эле компания экени белгилүү болду.

Gulcanlar Elektrik Elektronik Ve Mobilya Sanayi Ticaret Ltd Sti ELEKTROMED ELEKTRONİK SANAYİ VE SAĞLIK HİZMETLERİ A.Ş. Атамбаев аны сатып жибергенден кийин ал Электромед холдингинин менчигине өткөн.

Баса, такталбаган маалыматка таянсак Атамбаевдин Түркияда беш жылдыздуу мейманканасы жана Индиянын белгилүү аралдарынын биринде эс алуу борбору бар экендиги айтылууда.

Бели ката элек” Кадыр Атамбаев Ысык-Көлдөгү жерлерге кантип ээлик кылып алган?” деген аталыштагы бул маалымат социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкуу башталды. Кандай жазылса ошондой беребиз.

“Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эң жогорку мамлекеттик кызматта туруп деле жеке компанияларды түзүү, өзүнүн жеке финансылык кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу сыяктуу иштерге башын салып келгени буга чейин далай айтылып келген. Айлантып отурбай, ток этер жеринен баштайлы.

Айрым маалыматтарга караганда, Атамбаевдин Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылында иш алып барган «Кыргыз шумкар борбору «Мурас»» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар. Бул уюм юстиция министрлигинен 2016-жылы катталган деген маалымат бар. Юридикалык дареги катары Кыргызстандын Стамбул шаарындагы генералдык консулу Э. Сопоковдун аялы болуп саналган Эрматова аттуу айымга катталган үй көрсөтүлгөн. ЖЧКнын негиздөөчүлөрү болуп РФ жараны В. Кузнецов (70% үлүш) жана Тажикстан жараны Ш. Разоков (30% үлүш) болуп саналат. Ш. Разоков башкы директор болуп дайындалган. 2018-жылдын 28-февралында негиздөөчүлөрдүн курамына Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев 50%дык үлүш менен киргени боюнча тастыкталган маалыматтар бар дешет. Анын үлүшү В. Кузнецовдун үлүшүнүн кыскарышынын натыйжасында пайда болгону белгилүү. «Кыргыз шумкар борбору «Мурас» ЖЧКсынын расмий билдирүүсүнө караганда, анын ишмердүүлүгү экономикага, айыл чарбага, мергенчилик жана токой чарбачылыгына, балык кармоо жана балык өндүрүүгө, тоо-кен өнөр жайына, жаныбарлар жана өсүмдүктөр продукциянын өндүрүүгө чет элдик инвестицияларды тартуу болуп саналат.

Буга чейин «Мурас» борборунда Атамбаев, чет элдик жарандар жана криминалдык топтордун өкүлдөрүнүн катышуусунда бир нече жолу түрдүү иш-чаралар өткөргөнүн билгендер айтып беришти. 2017-жылдын 2-майында бул борборго Бириккен Араб Эмираттарынан келген делегация келген. Алар өздөрү менен кошо борборго 42 шумкар жана эки тайган иттерди алып келген деген маалыматтар бар. Мына ушул «Мурас» борбору жайгашкан жер тилкесинин мыйзамдуулугу да көп суроону жаратат. «Мурас» борбору жайгашкан 1 га жердин ээси А. Кузмич (учурда Москва шаарында жашайт) болуп саналган. Ал жердеги жайгашкан үй 1925-жылы туулган Мария Кузмичке катталган. Ал 2016-жылы жарыкчылык менен кош айтышкан. Ал жарык дүйнө менен кош айтышканга чейин үйдү сатууга 1994-жылы туулган Андрей Трушковго ишеним кат жазып калтырган. Анан 2016-жылдын 25-мартында бул үй жер тилкеси менен бирге Каракол шаардык кеңешине КСДПдан депутат Т. Чолпонбаев («Тоша» каймана аты бар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү) жалган эле жол менен 2 млн сомго сатып алган. Андан кийин өзүнүн адамдарына каттап койгон дешет.

Белгилей кете турган жагдай, 858,3 га жер тилкеси жана токой массиси жана Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын башкармалыгына тиешелүү делген 2,5 га жер тилкеси КР өкмөтүнүн 2016-жылдагы буйругу менен «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбачылыгы» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлгөн экен.

Андан кийин 2016-жылдын 21-декабрында «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбачылыгы» мамлекеттик ишканасы менен «Кыргыз шумкар борбору «Мурас» ЖЧКсынын ортосунда эки жылдык мөөнөткө ижарага алуу келишими түзүлгөнү маалым болду. Ага ылайык Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы имаратты «Мурас» борбору кеңсе катары пайдаланууга ижарага алган дешет. Ошону менен бирге 2016-жылдын 6-июнунда «Кыргыз шумкар борбору «Мурас» ЖЧКсы менен Э. Сопоковдун (жер тилкеси Э. Сопоков жана анын аялына катталган) ортосунда «Мурас» борбору пайдаланып жаткан жерди мыйзамдаштыруу максатында кызматташуу жана биргелешкен ишмердүүлүк тууралуу келишим түзүлгөн экен. Мына ушул фактыларды тереңден анализдеп көрсөк, «Мурас» борборунун чыныгы ээси – бул Кадыр Атамбаев болуп чыгууда. Ал өзүнүн аты чыгып калбаш үчүн жөн гана Э. Сопоковду пайдаланган. Бул боюнча урматтуу экс-президент эми эмне дээр экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости