www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул бийлик атаандаш журналисттерди каматуу ʏчʏн антидемократиялык методдорду колдонгон. Парламент депутаттары эл ыйык туткан Конституцияны бузушуп, журналисттерди жазалап 5 жылга чейин каматуу ʏчʏн Кочкарева даярдаган мыйзамды кабыл алышкан. Мындай антидемократиялык методду ал эмес журналисттерди  ѳлтʏрʏп, кээ бир журналисттерди жазалап сабатып койгон авторитардык мамлекеттер да кабыл алган эмес. Ал эми Фарид Ниязов пресс-катчы болуп турган Аскар Акаевдин заманында «Асаба», «Столица», «Республика» гезиттерин жаптырып, «Вечерний Бишкекти» рейдерлик жол менен тартып алып, Замира Сыдыкованы камата койом деген бийлик, аягы качарга тешик таппай калган. Атамбаевдин заманында Ниязовдун антидемократиялык мыйзамын бийлик кабыл алганы үчүн, журналисттер запкысын көрүштү. Канчалаган бейкүнөө журналисттерге жалаа жабылып, моюндарына түшүнө кирбеген акчалар салынды? Уран Ботобеков деген ботодой боздоп кеткен боюнча дайыны жок. Дайырбек Орунбеков миллиондорду чака тыйын менен чогултуп калган, Адилет Айтикеев океандын ары жагына сызган бойдон кеткен. Нарын Айып үй-мүлкүн бүт тарттырып, асманды карап калган. Азыркы камалгандан да тартынбаган, коркпогон жаштар ушул мыйзамдын аркасы менен Атамбаевдик бийликке бүгүн каршы турушуп жатышат, эми кʏм-жам кылбаса эле болду.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости