www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу укук коргоо органдарынын видеосу коомдук «Ала-Тоо 24» телеканалында 2-июлда жарыяланды. "Көлөкө. Инвесторлордун мүлктөрүнө кол салган Атамбаевдин эң жакын адамдары» деп аталган программада Арабаев Раиса Атамбаева аны курулуш компаниянын ишин сотто кароого көмөктөшүүнү сураганын айткан.

Ошондой эле Атамбаевдин жубайы Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Алдамчылык», «Коррупция» жана «Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталып жаткан Элвира Жаркееваны колдоону да өтүнгөнүнө токтолгон.

Телеберүүдө инвесторлордун мүлктөрүн рейдерлик жол менен тартып алууга экс-президенттин эң жакын адамдары, жубайы, анын баласы аралашканы айтылган. Манас Арабаев тергөө менен кызматташып жатканы да белгиленген.

Атамбаевдин бийлиги тушунда «соттордун аталыгы» атыккан жана "судьялардын чечимдерине, кадр саясатына кийлигишет" деген сынга кабылган Арабаевди быйыл 2-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Коррупция» беренеси менен камакка алган.

Ал былтыр майда «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген негизде жумуштан бошотулган. УКМК анын кармалышынын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген эмес.

Арабаев «кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан пайдаланып чет өлкөлүк инвесторлордун мүлкүн тартып алуу» фактысына байланыштуу камакка алынганын гана билдирген.

Манасбек Арабаевдин адвокаттары жана жакындары анын камалганына байланыштуу ушу күнгө комментарий бере элек.

Алмазбек Атамбаев буга чейин Кой-Таштагы үйүндө чогулуп турган тарапкерлери менен жолуккан учурда Арабаевдин камалышы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эгер ал күнөөлүү болсо "мыйзам алдында жооп берсин, бирок далилдер жетиштүү болушу керек" деп айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости