www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Роза Отунбаева Атамбаевге карата 2016-жылы башталган импичмент процедурасы логикалык жактан өнүккөнүн, ошондой эле парламенттин маанилүү ролу тууралуу айткан.

Алмазбек Атамбаев анын билдирүүсүнүн текстин башка бирөө жазган болушу мүмкүн деп эсептейт.

«2010-жылы апрелде убактылуу өкмөттү ким ойлоп таап, парламентти бир жарым жылга ким таратты эле? Мен убактылуу өкмөткө каршы добуш бергем жана Элмира Ибраимова да… Парламент, легитимдүү өкмөт, легитимдүү президент болгон эмес. Отунбаеваны эч ким шайлаган эмес.

Ага эмне деп айта алам? Муну ал жазган жок деп ойлойм. Антпесе ал булар өзүнүн ойлору экенин эстемек (2010-жылы)… Эгер өзү жазса, башка бирөөнүн көзүнөн саман издеген адамдар бар», - деди Атамбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости