www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинде айыпталып, камакта жаткан мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун тергөө учурундагы А. Атамбаев менен болгон беттештирүү протоколунун көчүрмөсү интернет булактарына жарыяланып, кайчы пикирлерди жаратып турган чак. Коомчулук "жасалма протокол",— деп ишенбей койбой жаткан жок. Мындай протоколдун бар экендигин А. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев дагы моюндады. Кеп "беттештирүү протоколдун" кандайча ачыкка чыгып кеткенинде болуп жатат...

- Муну алдын ала айтыш кыйын. Анткени, бул көлөмдүү кылмыш иши болчу. Бир эле тергөөчү эмес, тергөө тобу тарабынан тергелген болуш керек. Мындай учурда тергөө тобунун жетекчиси дайындалат. Эгерде, бул маалымат Атахановдордун иши тергелип жаткан учурда ачыкка чыгып кетсе, тергөө тобунан көрмөкпүз. Ошол маалда иш кимдин колунда болуп, материалдарды кайсы тергөөчү, ким тиркеп жатса ошол күнөөлүү болмок. Азыр кылмыш иши сотто каралып жатат, Бул иш менен таанышканга көп адамдарда мүмкүнчүлүктөр жаралган. Соттолуучулар, жабырлануучулар, алардын адвокаттары, өкүлдөрү дегендей. Эми тергөөчүлөрбү, же ишти карап жаткан судьябы, башкаларбы айтыш кыйын. Демек, бир беткей күнөөлө туура эмес болуп калат. Бирок муну ачыктаса боло турган иш. Негизинен алып караганда, протокол деген мамлекеттик сыр эмес, бул ачык материал. Ал жерде сыр камтыла турган болсо "жашыруун сыр" деген гриф коюлмак. Сурак протоколу жашыруун болбойт. Ошону билип,түшүнүп туруп анан интернетке жарыялап жатышат да.

— Анда суроонун өңүтүн бир аз өзгөртөйүн. Бул протоколду ачыктоо кимдин кызыкчылыгында болушу мүмкүн? Себеби, кылмыш ишинде айыптоочу жана айыпталуучу деген тараптар болот эмеспи!?

— Мен божомолумду айтайын. Менин айтып жаткандарымды бурмалабай жеткиргиле, Биринчи вариант, ошол сурак берип жаткан Атахановдордун кызыкчылыгында болушу мүмкүн. Анткени, биз өз алдыбызча иш кылган эмеспиз. Мамлекеттин кызыкчылыгында Батукаевди чыгарганга аргасыз болгонбуз деп коомчулукту ынандырганы жатышат. Бирок, мамлекеттик кызыкчылыкты мынтип талашпайт, мынтип жүргүзбөйт. Мен мурда да айткам,азыр да айтып коеюн. Бул - авантьюра. Чекисттик "атайын операция" деп жатпайбы. Ал эч качан мынтип жүргүзүлбөйт. Атайын кызматтын ички нормативдик документтеринде дагы, Мамлекеттик мыйзамдарда, анын ичинде "Коопсуздук кызматы жөнүндө" мыйзамда дагы.Тышкы мамлекеттер менен болгон келишимдерде дагы мындай операциялар көрсөтүлгөн эмес. Ички мыйзамдарды бузуп туруп "спец.операция" жасаса болот деген норма эч жерде жазылган эмес. Мунун баары ишти билбегендиктен болуп жатат. Бетке айткан жакшы, чекисттик кызмат эмне экенин билбеген дилетанттар барып алып "чекисттик операция" деп атайын кызматты шерменде кылып жатышат. Ички мыйзамдарды, ички нормативдик тартиптерди, Эл аралык келишимдерди бузуп башка мамлекеттерден адамдарды алып чыгуу демократиялык, мыйзам жолундагы мамлекеттерде каралган эмес. Эгер бул "операция" ишке ашып кетсе чыныгы авантьюра болмок. Экинчи вариант, тергөө тараптын кызыкчылыгында да болушу мүмкүн. Мына булар мамлекттин кызыкчылыгында Бакиевди алып келип соттойбуз деген экен, тилекке каршы башка жагдайлар менен ишке ашпай калыптыр. Биз Батукаевди чыгарып бердик эле тигил тарап айтканына турбай койду,-дегендей.

— Шамил Атаханов тергөөдө өз жүйөөлөрүнө далилдерди келтирип жатат, Мисалы, Россиянын мамлекеттик Думасынын депутаты Адам Делимханов "Батукаев маселеси" боюнча Бишкекке жеке самолету менен учуп келгенде, мурдагы президент А. Атамбаевдин уруксаты аркылуу аны менен жолугушкандыгын айтып жатат. Делимханов жеке учагы менен Кыргызстанга чындап эле учуп келгендигин тактоого болобу?

- Болот. Делимханов Кыргызстанга учуп келгенде биздин чек ара кызматынан паспорттук көзөмөлдөн өтөт. Учуп келген самолеттордун бардыгы аэропортто каттоого алынат. Качан учуп келди, канча убакыт турду, кайра качан каякты көздөй учуп кетти? Борттун ичинде канча адам болгон? Алар шаарга киргенби, кирген эмеспи,- деген маалыматты бүт алса болот.

- Атаханов көрсөтмөсүндө: "Делимханов мага Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен Алмазбек Атамбаев экөө дагы ушул темада телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн айтып берди"-деп жатат. Эки мамлекет башчысынын ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөр кандай тартипте жүргүзүлөт жана аны тактоого мүмкүнбү?

- Укуктук мамлекеттерде мамлекет башчысынын ар бир сөзү, өз жарандары менен жана чет элдиктер менен болгон байланыштары каттоодон өтүп турат. Бир мисал келтирейин. АКШ президенти Трамптын Украинанын президенти Зеленский менен сүйлөшкөнү кийин, конгерссмендер импичмент жарыялайбыз дегенде аргасыздан ачыкка чыкты го. Ал сүйлөшүүлөр жашыруун болгон, ачыкка чыккан эмес. Сен Джон Байденге компромат материал таап берип, Зеленскийге кысым кылган экенсиң, давай ошонун протоколун бергиниң,- деп талап коюшканда, Трамп протоколду бергенге мажбур болду. Укуктук мамлекеттин башчылары өзү каалаганын жасай бербейт. Жашыруун нерселер болсо да катталып турат. Иштин баары протоколдук негизде жүргүзүлөт. Президенттердин сүйлөшүүлөрү атайын өкмөттүк байланыш каражаттары аркылуу жүргүзүлөт. А бизде андай регламент барбы, биле албайт экем. Жок го. Анткени, башка иштерди кылбай атышат, муну кылбаса керек. Анүчүн мыйзамды туу туткан режим керек. Трамптын Зеленский менен сүйлөшүүсүн каттаган журнал эле эмес, сүйлөшүүнүн текстине чейин таап чыгышты. Атамбаев Чечен президенти Кадыров менен сүйлөшкөн болсо, жок дегенде качан, канча жолу, канча мүнөт сүйлөштү деген маалыматтар катталышы керек эле. Эгер Атамбаев өзүнүн жеке чөнтөк телефону менен сүйлөшкөн болсо аны деле тактаса болмок. Ошол учурда Атамбаев кайсы номерде жүргөн, ким менен канча жолу сүйлөшкүндүгүн мобилдик операторлор аркылуу тактаса болот.

- Атахановдун тергөөдө берген көрсөтмөсүнө эки ача пикир бар. Бирөөсү аны чындык катары көрсө, экенчиси ишенбейт. Сиз ошондой сүйлөшүүлөр болгонуна ишенесизби?

- Мен Атахановдун айтканына эм-негедир ишенип турам..

Маектешкен: Мухтар АСКАРОВ

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

Последние новости