www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо орчундуу орунда турат. Мына ушундай чакта Айыл-чарба министрилиги кыла албаган ишти, Элдияр Абдыкеримов аттуу жөнөкөй кыргыз жигити аткарыптыр.

Тагыраагы, Элдияр 5 миң чакырым алыстыктагы Украинага өлкөдө өндүрүлгөн картөшкөнү экспортоо жолун тааптыр. Ал мындай жаңылыкты Фейсбук колдонуучулар менен бөлүштү. Анда айтылгандарга караганда, мындай ийгиликке жетүү үчүн көптөгөн изилдөөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

“Экспорт жеңил иш эмес - сапатын текшерүү, калибрлөө, карантиндик объекттер, оорулар. Кыргызстанда жана Украинада текшерилген баардык көрсөткүчтөр, биздин картөшкө таза жана сапаттуу экенин аныктады”, -деп жазат Абдыкеримов.

Дыйкандардын түйшүгү оруп-жыйып алган түшүмүн жакшы баага сатуу. Жазындагы мээнети күзүндө актап берсе жакшы, актабаса кетирген чыгымын эсептеп айласы куруйт. Албетте, көпчүлүк дыйкандар, жыйган-тергенин ошол жеринде эле алып сатарларга кармата бергени адат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости