www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин куугунтугунан  улам сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгон “Искра” гезитинин редактору, журналист Адилет Айтикеев Facebook социалдык тармагына акыркы күндөрдөгү резонанс жараткан иликтөөлөрдүн тегерегинде өз оюн билдирген.

“Эрнис Кыязов агабыз Атамбаев жана Матраимов темасына байланыштуу эки саатка жакын берүү даярдаптыр. Ал жерде бардык маселеге өзүнүн оюн айтыптыр. Мен дагы Эрнис агабызды сыйлайм, кесипкөй инсан деп эсептейм. Бирок жалпы “Ток этээри” көрсөтмөсүн бир тараптуу деп бааладым. Ал жерде бир кызык жагдай болуптур. Видеодо өзүмө тиешелүү жерине комментарий берейин деп байланыштым…

“Азаттыктын” биринчи иликтөөсү чала болуп калды, Элнура Алканова Али Токтокуновдун иликтөөсүндөгү каталарды туура тапты деп оюмду айткан элем. Биз Азаттыкты бери дегенде эле 7-8 жылдан бери сындап келе жатабыз. Турмуш-тиричилик радиосу болуп калды деп айтып келатабыз. Бүгүнкү күндө ошол билдирүү жеке саясатка колдонулуп жаткандай сезилди. Бир адамдын кайрылуусун же билдирүүсүн жеке кызыкчылыкта пайдаланган туура эмес… Бүгүнкү күндө дагы Венера Жуматаеваны кызматтан кетиши керек деп эсептейм", деп кошумчалаган Адилет Айтикеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости