www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар тобу нотариалдык кызмат алуу жол-жоболорун кыйла жөнөкөйлөтүү демилгесин көтөрүүдө. Демилгечилердин бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору жеке жана юридикалык жактардын нотариалдык кызмат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багыталган.
«Мурда нотариуска барган адамдар кызмат акысын нотариустун өзүнө төлөп, ал 7 күндүн ичинде банктарга төгүп келген. Азыр адамдар нотариустан кийин кайра банкка төгүп, анан нотариуска кайра барат. Кыскасы, ашыкча убарачылык жаралууда. Биз мурдагы тартипке кайтууну сунуштап жатабыз», - деди ал.
Депутат Сайдулла Нышанов бул мыйзам кабыл алынып калса, нотариустарга оорчулук келер-келбесине кызыкты. Юстиция министри Марат Жамангулов нотариустар өздөрү мурдагы тартипке кайтып келүү өтүнүчтөрүн билдирип жатканын, Өкмөт мыйзам долбооруна каршы эмес экенин билдирди. Ал эми депутат Дастан Бекешев Юстиция министрлигинин бир катар сунуштамалары мыйзам долбоорунда эске алынганын белгиледи.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg