www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер басып алгандар коё берилди

Бишкектин четинде жайгашкан “Калыс-Ордо” конушунда жер басып алууну каалагандарды милиция кое берди. Буга чейин жер басып алгысы келген 30дай адам милиция тарабынан кармалган болчу.

“Жер басып алууга катышкан 23 адам Биринчи Май РИИБинин 5-бөлүмүнө алып келинген. Алар күбө катары суралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин баардыгы кое берилди. Бул факт боюнча, Биринчи Май РИИБи башка бирөөнүн жер участокторун өзүм билемдик менен басып алуу беренеси боюнча каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат”, -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 15-октябрда Бишкектеги «Калыс-Ордо» жаңы конушунда мыйзамсыз жерди басып алуу аракеттери жасалып, 100гө чукул адам чуу салган. Алардын айрымдары мамлекетке караштуу жерге казыктарды кагышып, ээлеп алуу аракеттерин жасашкан.

Маалыматтарга ылайык, окуя түшкө жакын болгон. Бул маалымат тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарына жетээр замат, шаар жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, укпай коюшкан соң, алар милиция кызматкерлерин чакырууга аргасыз болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости