www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Темиртау шаарында бала бакча жабылды. Ага бала бакчанын тарбиячысынын балага карата катаал мамиле кылгандыгы себеп болгон. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, “Домик” деп аталган бала бакчага текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган бала бакча мыйзамсыз иштеп жаткандыгы аныкталгандан кийин сот тарабынан жабылган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында ушул бала бакчанын 50 жаштагы тарбиячысы уктагысы келбеген кичинекей кызды думуктуруп жатканы тууралуу видео тараган. Анда, тарбиячы керебетте ыйлап жаткан кыздын башын төшөк менен жаап, думуктуруп жатканын көрүүгө болот.

Видео таркап кеткенден кийин, иликтөө жүрүп, жыйынтыгында сот ал тарбиячыны 120 саат коомдук иштерге тартылышын жана жашы жете электер менен 3 жыл иштебөөсү тууралуу чечим чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости