www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Али Токтакунов жалган аралаш жалаа иликтөөсү менен Матраимовдун үй бүлөөсүнө каршы аракетин мындан көп убакыт мурда баштаган. Тактап айтканда Алмазбек Атамбаев бийликтен кетип, кийинки президент Жээнбеков менен каршы болуп баштагандан бери.
Алгач, 2011-2017 жылдар аралыгында Кыргызстандан чыккан каражаттар бажы аркылуу кеткенин айтып, ага Райымбек Матраимовду күнөөлөгөн. Анын иликтөөсүнө Атамбаев жана анын командасы тилектеш болуп, маалыматтык колдоого алышкан. Бул жылдар Атамбаевдин башкаруу мезгилине туш келгенине карабай, Атамбаев жөнүндө сөз кылган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин элдер: "Эмнеге Бажынын башчысы Кулматов, ошол кездеги президент Атамбаев тууралуу иликтөөлөрдө эске алынбайт?"-деп суроо коюшат. Али Токтакунов ушул суроого дайым тилин жутуп алгансып жооп кайтарбайт. Ошого байланыштуу Токтакунов Алмаз Атамбаевдин жалданма журналисти деп айтылып, ага чычалап мойнуна албай келген. Чынында эле Али Токтакунов Атамбаев менен чогуу экенин жана анын командасы менен иштеп жүргөнүн 6-октябрдагы окуялардан кийин түшүнсө болот.
Бийлик кулап, убактылуу башкаруусуз калган учурдан пайдаланып Атамбаев камактан чыкты. Элде, бийликке кайра Атамбаев келет деген ишеним болду. Ошол кезде соттон качып жүргөн Али Токтакунов дагы пайда болуп, аянтта Атамбаев менен чогуу көрүндү.
Ал жерде, "Азаттык" радиосунан кеткенин дагы жарыялады. Алардын планы боюнча, Атамбаев бийликти алып, Токтакунов КТРКнын жетекчиси болууга даярданган. Бирок, эл Атамбаевди жана анын жанындагыларды аянттан кууп салды. Али Токтакунов Атамбаевдин фейки экенин ошол күнү өзү далилдеп койду.
Булак: Истина.KG