www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-мартта президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди кабыл алганы маалым болду. Мына ушул маалыматты КР президенттик аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун досуна тиешелүү «АКИпресс» маалымат агенттиги да берип, ага атайылап эски сүрөттү (А. Атамбаев мамлекет башында турган кезиндеги) коюшту.

Анан дагы «С. Жээнбеков экс-президент А. Атамбаев менен жолугушту» деп беришти. Мамлекет башчысы экс-президент менен жолукту эмес, кабыл алды деп айтылганда көбүрөөк туура болорун Ф. Ниязов деле билиши керек эле.

Экинчиден, ал маалыматка эски сүрөттү чаптоонун өзү атайылап жасалган иш экенин көрсөтүп турат. Ф. Ниязов президенттин аппарат башчылык кызматынан кеткенине дагы деле ичи ачышып атканын ушул аракети менен эле билдирип алганын байкадык.

Андан сырткары дагы ушул маалымат булагы аркылуу атайылап С. Жээнбековго каршы жазылган макалаларды жарыялатып келатканын да жакшы билебиз. Негизи эле президент С. Жээнбеков менен экс-президент А. Атамбаев буга чейин деле жолугушуп келишкен. Муну президенттик аппараттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Т. Стамалиева маалымат булактарынын бирине билдирген.

28-мартта деле ошол сыяктуу катардагы жолугушуу болгон. Анан ушуну укмуштай жаңылык катары атайылап эски сүрөт менен бердирип аткан Ф. Ниязов качан оюнун токтотот болду экен деген суроо жаралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости