www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы бир нече жылдарда дүйнөлүк лидерлердин арасынан сингапур премьер-министри Ли Сянь Лундун алган айлык акысы 2008-жылдан 2012-жылга чейин 2 856 930 $ АКШ долларын түзгөн, анан элдин нааразычылыктары башталганда айлык акыны 28%га кыскарткан. Бирок 2015-жылдагы бир жылдык айлыгы 1,7 млн АКШ $ түзгөн. Бул Франциянын, Германиянын, Италиянын, Жапониянын жана Улуу Британияннын лидерлеринин жылдык айлыктарын кошсо да көптүк кылат.

АКШ президенти Барак Обама ордун Трампка өткөрүп бергенчекти жылына 400 миң доллар алып келген. Сингапурдун өкмөт башчысынан кыйла аз алса дагы, эл аралык стандарт боюнча жогору маяна. Трамп болсо келери менен айлыктан баш тартып, жылына 1 доллар алмак болгон.

Канада премьер-министри Стивен Харпер - жылына 260 миң $;

Германия канцлери Ангела Меркель – 234 миң 400 $;

Француз лидери Франсуа Олланд 2012-жылы кызматка келгенде айлыгынын 30%ын кесип салган.

Орус президенти Владимир Путиндин айлыгы – жылына 136 миң $;

Кытай лидери Си Цзиньпин - айына 22 миң $;

Италиянын лидери Маттео Ренци жылына - 124 600 $;

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй – 215 миң $;

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ – 203 миң $;

Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдоган – 197 миң $;

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев – айына1 614 $; 2015-жылы бир жылда 1 298 448 сом алган.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев – белгисиз, эки башка булак боюнча айына 10 миң $ же 2 миң $;

Литва лидери Дали Грибаускайте – айына 7 миң 800 $;

Грузия лидери Георгий Маргвелашвили — айына $ 3 000 $;

Беларусь президенти Александр Лукашенко — айына $2 300 $;

Өзбекстан президенти — айына $1 300 $;

Тажикистан президенти Эмомали Рахмон — айына 1 миң 100 $.

Ал эми доллардын курсу ар өлкөдө ар кандай.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости