www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакта жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өмүрлүк жары Раиса Атамбаева Теңизбаевадан кийин анын экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Алмазбек Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси экенин көп адам биле бербейт. Экс-ханайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү.

Экс-ажонун мурдагы шоопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө бийлик алмашкандан кийин алданеден чоочулап, бирде ажылык сапарды шылтоолоп, бирде апасынын ден-соолугун бетине кармап эле Кыргызстандан качып калган болчу. Бирок, ал эч кандай апасынын ден-соолугуна камкордук көрбөй эле Татарстандын борбору Казань шаарындагы экс-ханайым Раиса Атамбаева түптөп койгон бизнеске көзөмөлдүк кылып жатканын маалымат булактары жазып чыгышкан. Тактап айтсак, ал бизнести Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласы менен Икрам мырза биргеликте көзөмөлдөп жатышканы тууралуу маалыматтар чыккан. Анан эле Икрам Илмиянов Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келингенден кийин бул бизнести көзөмөлдөгөн адам жок калган.

Орусияга каттабай калганын  ден-соолугуна шылтоолоп  жүргөн Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 24-июлунда Бельяниновдун чакыруусу менен Кант шаарынан Москвага учуп кетет. Себеби Путинге жолугуп бир аз жеме угуп келмек. Аны менен кошо Кундуз Жолдубаева, ЖКнын депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов жана КСДП мүчөсү Темирлан Султанбеков  кандайдыр бир чакырыктарга шылтоолоп, Путинге жолугабыз деп шашылыш учуп кетип атпайбы.

Дурусураак шылтоо таба албаганына өзү деле бир аз кейисе керек, бирок анын бул жолку сапарынын негизги максаты жогорудагы себеп эмес, көрсө Казань шаарындагы бизнесине сарсанаа болгонунан улам жасалган сапар болгон экен. Ал Орусияга барып, ал жактан өзүнүн ишенимдүү адамдарынын бири Бельяниновго ошол Казань шаарындагы бизнесин «жакшылап иштет» деп тапшырып келиптир. Бельянинов түбү татар Казанда көп бизнеси бар, Атамбаев кайнага кылып жүрө турган.

Демек, ал өгөй баласына же Раиса айымдын биринчи никесинен төрөлгөн баласына ишенбей турганын түшүнө берсек болобу?..

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости