www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү парламенттик жыйында сот, криминал, адилетсиздик тууралуу көп сөз болду. Муну өлкөдөгү акыркы криминагендик кырдаалды эске алганда орундуу деп бааласа болчудай. Жанар Акаевдей эле бул маселени депутат Урмат Самаев дагы көтөрүп чыкты.
Анын айтымында, 2016-жылы Кегети капчыгайында 29 жаштагы Жакшылык Дүйшалиев аттуу жаран мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кылмышкерлер сөөгүн өрттөп салышкан. Милиция көп өтпөй кылмышка шектүү деп эки жаранды колго түшүрөт. Соттук кароо 3 жарым жылга созулуп отуруп, акырында кылмышка шектүүлөр соттун чечими менен боштондукка чыгып кетишкен экен.
- Бизде капчыктуулар сотторду сатып алган заман болду. Эгерде ушундай адилетсиздик соттук чечимдер чыгып жатса, анда кайдагы соттук реформа тууралуу сөз кылсак болот? Президент тынбай коррупция менен күрөшүү жөнүндө сөз кылат, ал эми соттор бул жактан ушундай чечим чыгарып, кылмышкерлерди боштондукка чыгарып жатат, -дейт депутат Самаев.
Булак: NazarNews.kg