www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн аппаратынын коопсуздук жана коргонуу боюнча бөлүмдүн башчысы Егор Скобеев 22-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган.

Бирок, андагы маалыматтарга ылайык, Скобеев азырынча тергөө иштери менен иштешүүгө макулдугун бербей көрсөтмөлөрдөн баш тартууда.

Белгилей кетсек, Е. Скобеевди кармаган учурда ал жүрөгүнөн инфаркт алып, дароо ооруканага жөнөтүлгөн.

Аталган чиновниктин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча анын адвокаттары да пикир билдирүүдөн баш тартышууда.

Аскер прокуратурасынын тараткан маалымыматына таянсак, анын үйүн тинтүү учурунда мергенчилик курал жана Калашников автоматынын октору табылган.

Буга чейин Атамбаев тарабынан россиялык криминал, коомчулукка “Решала” каймана аты менен белгилүү болгон Максим Каганскойго жана анын Анастасия аттуу аялына белекке берилген 3 тапанча тууралуу кылмыш иши козголуп, ошонун негизинде Скобеев да кармалган. Тапанчаларды белекке берүү боюнча чечимге Атамбаев премьер-министр убагында кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости