www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн аппараты билдиргенине караганда, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Эстония Республикасында жүрөт. Максаты Эстониянын административдик-аймактык реформа жүргүзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын өздөштүрүү.

Мындай жоон топ чиновниктерди курамына камтып алып, “тажрыйба алмашабыз” деп эле чет өлкөлөгөн көрүнүш буга чейин деле болуп келген. Мындан кийин деле боло берет. Бирок ушундан бир пайда болуп, чиновниктер жыйнап келген тажрыйбасын бөлүшүп жатабы? Бул башкы маселе!

Эгемендик алгандан бери эле ар кайсы өнүккөн өлкөнү, карап түздөнүп өнүгүп эле келе жатабыз. Бирок, бюджетибиз баягы эле жамаачы чапанын үстүнөн түшүрө элек. Анысы жыл өткөн сайын сүзүлүп, жукарып эле бара жатат.

Борбор калааны айтпаганда башка регион, айыл кыштактарда жаңылануу, көзгө көрүнөрлүк жаңырган бир нерселер байкалбайт. Тескерисинче, тээ илгерки союзда калгандай эски көрүнүштөр арбын.

Дыйканчылык, фермерчиликти жакшы өздөштүрө албай айыл-кыштактарда ишке жарамдуулар дагы деле чет элдерде мигрант. Болбой калганда шаар жергелерине иш издеп агылган ички миграция күч.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости