www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам маалымат алынган. Ал маалыматка караганда Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну 1991-жылы туулган Аваз уулу Жолдошбай жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабында жайгашкан ээн талаага көмүлүп коюлгандыгы тууралуу маалымат алышкан. Ал эми жакын туугандары сурагандарга маркумду «Россияга иштегени кеткен» деп маалымат берип турушкан. Алынган маалыматты тактоо, иликтөө иштеринен соӊ, кечээ, 23-сентябрда адам өлтүрүүгө шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын 1996-жылы туулган тургунун кармашты. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 23 жашта. Ал алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө жасаган кылмышын моюнуна алып, агасын 2018-жылдын сентябрь айында өлтүрүп, ээн талаага алып барып, машинанын эски дөӊгөлөктөрү менен кошо өрттөп, өлүктүн калган калдыктарын көмүп койгондугун айтып берген.

«Агам кичине кезимден баштап мени көп келекелеп, көпчүлүктүн көзүнчө шылдыӊдай берчү. Көп ирет колу тийген. Ал тургай апамды, карындашыма дагы кол көтөрчү. Былтыр сентябрь айында дагы мас болуп, колуна ичимдиктерди көтөрүп келди. Карындашым, апам анын пейилин билип, үйдөн качып кетишиптир. Келип эле мага тийишип, ура баштады. Мен ачуу үстүндө бөлмөдө турган көсө темир менен башына чаап жибердим. Агам жерге жыгылып, дем албай калды. Мен анын өлүгүнөн кутулуу үчүн талаага алып барып өрттөп, Ошол жерге көмүп койдум. Сурагандарга «Россияга кеттим» деп үйдөн чыгып кетти» деп айтып жатканмын» деп көрсөтмө берген ал.

Бул факт боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин адам өлтүрүү (130-берене) беренесинин белгилери менен кылмыштарды, жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости