www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бишкекте жаңы ачылган “Sheraton” отелинде кыргыз-түрк бизнес форуму өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Жаңы отель түрк инвестициясына ачылды. Ачылыш аземинде жана бизнес форумдун жүрүшүндө президент Жээнбеков эки өлкө ортосундагы алака жыл сайын жаңы деңгээлди багындырып жаткандыгын айтып, өлкөлөр ортосундагы карым-катнаш тарыхый мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошондой эле, президент 2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий сапарын эске салып, Эрдогандын колдоосу менен Чолпон-Ата шаарында түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин саммитти өткөндүгүн айтты.

 Андан сырткары, Жээнбеков эки өлкө ортосундагы социалдык-экономикалык кызматташтыкка токтолду. 2018-жылы Кыргызстанга Түркиядан 93 миллон доллар инвестиция тартылгандыгы маалым болду.  Ал эми жакынкы арада Кыргызстан менен Түркия ортосундагы товар алмашууну 400 миллион доллардан миллиард долларга жеткирүү планы тургандыгын белгилеген өлкө башчысы түрк бизнес-өнөктөштөр кыргызстандыктар үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости